Жыргал Талантбек уулу

Жыргал Талантбек уулу

Туулган күнү: 27 октября 1997

Туулган жери: Ысык-Көл

Өмүр баяны

Жыргал Талантбек уулу Туулган жылы: 27-октябрь, 1996-жыл Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы. 1996-жылы 27-октябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында төрөлгөн. 2018-жылы театралдык окуу жайын ийгиликтүү аяктаган. Студенттик жылдарында эле театр сахнасында бир катар образдарды жаратып, чыгармачылык дараметин көрсөтө баштаган. Анын студент кезиндеги маанилүү эмгектеринин бири — «Эркексинби?» спектаклиндеги Нурдандын ролу. Бул образды ийгиликтүү аткарганы үчүн «Жаңы ысымдар» сыйлыгында «Эркектин эң мыкты ролу» номинациясы боюнча сыйлыкка ээ болгон. Театралдык окуу жайда билим алып жүргөн мезгилде Чыңгыз Айтматовдун «Найман эне» чыгармасында — Биринчи абышканын, Оскар Уайлддын «Жылдыз бала» чыгармасында — Досунун образын жараткан. Окуу жайын аяктагандан кийин чыгармачылык ишмердигин цирк тармагында уланткан. Циркте эмгектенип жүргөн учурда Оскар Уайлддын «Жылдыз бала» жомогун сахналаштырууга катышкан. Бул эмгеги үчүн 2019-жылы балдар үчүн коюлган спектаклдер арасындагы «Эң мыкты» номинациясы боюнча «Эргүү» сыйлыгына татыган. Ошол эле жылдары «Учуш» жаштар театрында эмгектенген. 2021-жылы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына актер катары кабыл алынган. Бул театрда бир катар белгилүү драмалык чыгармаларда ар түрдүү образдарды жаратып, өзүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн кеңейткен. Театрдагы ролдору • С. Ахмет — «Күйөө бала» — Ганибайдын жаш кези • «Карагул ботом» — Карагул • «Темир аял» — Алимтай • «Жаш жубайлар» — ролу такталган эмес • «Атанын дүйнөсү» — Пол • Ч. Айтматов — «Ашуу» — журналист • — «Бернарда албанын уйу» — Козу • «Айтылган түндө» — Ишмырза • А. Чехов — «Кичинекей адамдын чоң трагедиясы» — Нафания, күчүк • Т. Актанов — «Тагай бий» — жигит • К. Иманалиев — «Акыркы кат» — Илгиз Айтматов • Т. Касымбеков — «Курманжан датка» — Кудаяр хандын жаш кези • «Витсайт окуясы» — Балакай Джон • «Эр Төштүк» — Экинчи ханзада, күчүк «Тунгуч» театры • У. Шекспир — «Ромео жана Джульетта» — Лоренцо Кинодогу ролдору Кино тармагында да актер бир катар тасмаларда образдарды жараткан: • «Участковый Марат» — маньяк • А. Дайырбеков — «Таң алдында» — волонтёр • Б. Мукул — «Акыркы көч» — Сапардын баласы • Т. Бугучиев — «Элес» — башкы каармандын досу Продюсерлик ишмердиги Актердук кесип менен катар кино өндүрүшүндө продюсерлик багытта да эмгектенген. Продюсер катары катышкан кинолору: • «Керексин» • «Экөөбүз» • «Сезимдер» Театр сахнасындагы эмгеги, кино тармагындагы ролдору жана продюсерлик ишмердиги аркылуу жаш муундагы чыгармачыл инсандардын арасынан өзүнүн ордун табууга умтулуп келет.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Жыргал Талантбек уулу — фото 1
Жыргал Талантбек уулу — фото 2
Жыргал Талантбек уулу — фото 3
Жыргал Талантбек уулу — фото 4