Касаболотова Мээрим

Касаболотова Мээрим

Туулган күнү: 23 апреля 1979

Өмүр баяны

Касаболотова Мээрим Толеновна. 1979-жылы 23-апрелде жарык дүйнөгө келген. Ы. Туманов атындагы Каракол Мамлекеттик музыкалык окуу жайын атайын орто билимдүү кыл- кыяк адистигин 2000-2005-жылдары бүтүргөн. Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театралдык факультетинин "Драма жана кино актёру" бөлүмүн бүтүргөн. 1995-1996-жылдары Ысык - көл облусунун Ак - Суу районундагы "Боз - Салкын" элдик ыр - бий ансамблинде бийчи катары эмгектенген. 1996-2000-жылдары Ы.Туманов атындагы Каракол Мамлекеттик музыкалык окуу жайындагы атайын орто билими Кыл - кыяк адистигин бүтүргөн жана ушул эле окуу жайдын алдында уюшулган "Айдың – көл” ансамблинде бийчи жана оркестрде ооз комузчу адистиги катары эмгектенген. 2000-2005-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин театралдык факультетинин “драма жана кино актёр” бөлүмүн аяктаган. 2002-2005-жылдары Бишкек шаарындагы "Сахна " жеке менчик театрында актриса катары эмгектенген. 2005-2008-жылдары Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын актриса катары эмгектенген. 2008-2016-жылдары К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын ачылышына эмгектенип, чоң салымын кошкон. 2016-2017-жылдары К.Жантошев атындагы музыкалык драма театрында актриса катары эмгектенген. 2017-жылдан баштап, Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ театрында артист катары эмгектенген. Алган сыйлыктары: 2009 - ж. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин "Ардак грамотасы". Ушул эле жылы "Назик жүрөк азабы" спектаклинде башкы роль үчүн диплом менен сыйланган. 2011- ж. "Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. 2013- ж. Талас шаардык маданият , маалымат жана туризм бөлүмүнүн "Кайталангыс таланттуу айым" Ардак Грамотасы менен сыйланган. 2023-ж. А. Осмонов атындагы "Эстелик " медалынын ээси. "Рух Бейне эл - аралык академиясы . 2023- ж."Ыйык тил " медалынын ээси . " Рух Бейне эл - аралык академиясы. 2009-жылы СССР дин эл артисти М. Рыскуловдун 100 - жылдыгына арналган IVреспубликалык театр фестивальнын «Дебют» номинациясы. « Назик жүрөк азабы” спекталинде Даря Семёновнанын образын мыкты жараткандыгы үчүн. 2017 - ж. Ыраазычылык баракчасы . Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч. Айтматовдун 89 жылдыгына карата зор салым кошкондугу үчүн . 2022-ж. Ыраазычылык кат. “Таланттуулар таймашы” аттуу республикалык сынакты жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн . 2025-ж.Благодарность. 100- лет кыргызской государственности. Историческое наследие и современные вызовы развития общества. 2024-ж. Сертификат. Кара - Кыргыз автономиялууоблусунун түзүлгөндугүнүн 100 жылдыгынын урматына карата Эл аралык алкактаөткөрүлгөн” Рух - Фест “Кыргызстан -100” аттуу фестивалына активдүү катышкандыгы үчүн. 2020-ж. А. Осмоновдун “ Эстелик медалы” 2020-ж. “ Мыкты актриса” (Facebook Party2020). Ролдору: "Сахна " театры . Кожожаш кенже эпосунун негизинде сахналаштырылган "Керээз" спектаклинде башкы каарман Зулайканын жана төлгөчү кыздын образы “Курманбек” спектаклинде - Айганыш К. Иманалиевдин "Жоогазын ыры" спектакли - Гүлбагым " Золотой апельсин" спектаклинде Алина жана ханышанын образы Ворфоломеев "Вверхтармашками" - Принцесса . Т. Абдумомунов КУАД театрында. Р.Оторбаев." Тагдыр".- Жанна. Режисеру: Э. Бекболиев. Ж. Мольер "Анткор оорулуу"- Анжелика. А.Аксы "Махабат жана өлүм" - Түйүмкан. М Байжиев " Кыз күйөө"- Гүлсүн. Режиссеру - М. Козукеев. Т. Абдумомунов "Алдар көсө" - Айнагүл. Режиссеру - З. Сооронбаев. К.Зарлыкова "Сибирь челноктору" - Кыз. Режиссеру - З. Сооронбаев. Т. Абдумомунов "Машырбек үйлөнөт" - Шахина. Режиссеру -Н. Мендебаиров. С. Раев "Дубал " - Тилли. Режиссеру -Э. Бекболиев. М.Козукеев "Алтын так " – Айша. Режиссеру - Н .Мендебаиров М. Козукеев "Эң жөнөкөй жомок " – Балаты. Режиссеру - Н . Мендебаиров . М. Тойбаев "Өчпөс жылдыз" - Секретарша. Режиссеру - З .Сооронбаев. Т.Касымбеков "Курманжан датка"- Асель айым. Режиссеру - Э. Бекболиев. Ж. Кулманбетов “Канат менен Зарина” - Айка. “Күтөм сени сүйгөнүм” - Ак пудель. М. Байджиев "Окуя" - Майраш. Режиссер - К. Касенов. Ж. Садыков "Эр - Төштүк" куюн Маамыт жана Кенжеке. Режиссер-Б.Абдылдаев. К. Галдони "Трактирщица"- актриса. Режиссер - Б . Абдылдаев “Зойканын квартирасы" - Аалам Вадимовна. Режиссер - Н . Мендебаиров. "Манастын уулу Семетей " - Кишимжан. К.Медетбеков атындагы ТОМДтеатры. Ч.Айтматов " Ак кеме"- кемпир. Режиссер - Э. Бекболиев. Ч .Айтматов "Үмүттүн турналары"- Мырзагүл. Реж - Ш. Мендебаиров. О. Ходжагули "Аялдардан шаң кече" - Сулуу кыз, күндөй кыз, Саадат. "Периштенин махабаты"- Периште. Режиссер - И.Жунусов. У. Шекспир " Он экинчи түн " - Оливия. Реж.- И. Жунусов. Б.Жакиев "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай" - Сыпайы кемпир. Реж: А. Абдыкалыков С.Ахмад "Апендинин беш катыны" - Зубайда. Реж. - И. Жунусов. "Назик жүрөк азабы" - Дарья Семёновна. Реж - С. Сазаев. Ж. Өзүбекова "Күйөө сатам". Режиссер - Ш. Мендебаиров. К.Жантөшев ат. ЫОМ драма театрында ойногон ролдору: Крис - Фон - Марк" – Кайнене - Айгүл. Реж. - Ж. Осмонов. С .Раев "Найман эне”. Сокур кемпир. Реж. - О . Кожомкулова. Т. Абдумомунов ат. КУАД театрындагы кийинки ролдору: "Кылым карытаар бир күн" - Айзада. ( Ч. Айтматов).Реж. - Н. Мендебаиров. Ш. Башпеков " Темир аял " - Кулипа. Реж. - Э. Эгемберди. С. Раев " О кыздар " - Пери. Реж. - Э. Бекболиев. "Төлгө"- кошокчу аял, бийчи. Реж. - Н. Мендебаиров. "Чыңгызхандын ак булуту " - Саймачы кыз. Реж. – К. Ашыров. Т. Абдумомунов "Абийир кечирбейт " – Медайым. Реж. - А . Жапаров. Э. Леман "Ветсайт окуясы " – Анита. Реж. - З. Аклаева. Бердман "Белый Носорог" - Д Сыдыкова. Г.Лорка "Бернарда Альбанын үйү" – Магдалена. Реж. - Ш. Дыйканбаев. "Адилеттикти издеген рыцарь" - Дульсинея. Реж.- Э .Эгемберди. Ж. Садыков " Эр - Төштүк " - Гүлайым. Реж. - А. Кыдырмышев. Кинодогу ролдору: 1. "Айыл өкмөтү" - Айша кыз. Реж. - Э . Абдыжапаров. 2. "Чиркин өмүр " - кичүү келин. Реж. - М. Мамбетов . 3. " Юридическая консультация "- Назгүл. Реж. - Э. Рыспаев. 4.Ж. Өзүбекова " Апамдын махабаты"- Керез. Реж. - М. Мамбетов. 5. "Дил баян " мугалим. Реж. - Т.Олжобаев. 6. Ж. Өзүбекова "Күйөө сатам" кино комедиясы. Шуулдак жеңе. Реж. - Т. Олжобаев. 7. (Пакистан) "Женщина Кыргызстана" - аял . 8. Ж. Өзүбекова "Чоочун киши"- аял. Реж. - С. Откеев. 9. "Кошунаны тандабайт" - секретарша. Реж - ( Рашка). 10. "Адилет” - Аял. Реж. - С. Откеев. 11. " От " – дүкөнчү. Реж - ( Рашка). 12. “Некрофиль "- Көпөлөк. Реж. - А. Бектемиров. 13. "Умай эненин балдары"- Бектин аялы . 14." Өзүмдү кечире албайм"- Айгүл. Реж. - Нурбек Темиров. 15. " Эрк"- Аял. Реж - Эркинай. 16. "Лестничеая площадка". Реж. - Эркинай 17. " Өрттөлгөн аял " - Аял. Реж. - А. Абласанова. Кийинки кинолор: “ Жалбыз” сериалы - реж: М . Мамбетов - Жалбыздын жеңеси. “ Кошунаны тандабайт” реж: Р. Эшимов - Секретарша. “ Адилет” сериалы реж: Н. Кудайбегенов-Аял. “ Чоочун киши” реж: С. Откеев. ( карызын доолаган келин) “ Контора” сериалы реж: Д. Козубеков- Миллионердин аялы. “Акча” сериалы . Реж: Р. Эшимов - тамаданын аялы. “ Мурас “ сериалы . Реж: Руслан Акун - тарбиячы мугалим . “Дарыгер “ сериалы . Реж: Ы. Окенова - депутаттын аялы. “Жеңижок “реж: М. Мамбетов - Көк сулуунун жеңеси.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Касаболотова Мээрим — фото 1
Касаболотова Мээрим — фото 2
Касаболотова Мээрим — фото 3
Касаболотова Мээрим — фото 4