Жумагазы уулу Мырзабек

Жумагазы уулу Мырзабек

Туулган жери: Нарын

Өмүр баяны

Жумагазы уулу Мырзабек, 1993-жылдын 22-июнунда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда төрөлгөн. Балалык чагы Кочкордун кооз жаратылышы менен курчалган айыл жеринде өтүп, алгачкы билимин Капар Кыдыралиев атындагы орто мектептен алган. Мектептин 9-классын аяктагандан кийин, Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Экология факультетине тапшырып, тоо гендерин изилдөө бөлүмүн аяктаган. Бирок чыгармачылыкка болгон кызыгуусу искусство дүйнөсүнө жетелеп, 2014-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырат. Бул окуу жайда кесиптик билим алып, 2019-жылы аяктаган. Окууну аяктагандан кийин эмгек жолун Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрында улантып, 2022-жылга чейин эмгектенген. Бул мезгилде сахнада ар түрдүү мүнөздөгү каармандарды жаратып, актердук тажрыйбасын байыткан. 2022-жылдан тартып Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келе жатат. Ушул убакыт аралыгында тарыхый, драмалык, комедиялык жана башка жанрдагы спектаклдерде ар кандай образдарды жаратып, чыгармачылык дараметимди ар тараптан өнүктүрүүгө аракет кылып келет. Театрдагы чыгармачылык ишмердүүлүгү Сахнадагы чыгармачылык жолумда бир катар спектаклдерде ар кандай образдарды жаратып, төмөнкү ролдорду аткарган: * «Тагай бий» спектаклинде — Бөкөй баатыр; * «Эр Төштүк» спектаклинде — Жер тыңшаар Мамыт; * «Кылым карытар бир күн» спектаклинде — Тыңчы; * «Тумар ханша» спектаклинде — Элчи; * «Мамуре» спектаклинде — Жерар; * «Ашуу» спектаклинде — Жаңтай; * Н. В. Гоголдун «Үйлөнүү» спектаклинде — Маалай, Степан; * «Саманчынын жолу» спектаклинде — Темир жолчу, Почтоочу; * «Курманжан датка» спектаклинде — Камчыбек; * «Түпкүрдө» спектаклинде — Барон; * «Алиман Зордун шакеги» спектаклинде — Ахмет; * «Ай тутулган түндө» спектаклинде — Ак сакал; * «Төлгө» спектаклинде — Массовка; * Мухтар Ауэзовдун «Эңлик–Кебек» спектаклинде — Массовка; * Чыңгыз Айтматовдун «Чыңгызхандын ак булуту» спектаклинде — Массовка; * «Торостук Зүйкөр» спектаклинде — Массовка; * «Керез» спектаклинде — Массовка; * «Феншуй» спектаклинде — Гоша; * Антон Чеховдун «Кичинекей адамдын чоң трагедиясы» спектаклинде — Отставкадагы полковник; * «Атанын дүйнөсү» спектаклинде — Ренарт. Кинодогу чыгармачылык ишмердүүлүгү Театр менен катар кинодо да чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү сынап, бир катар тасмаларга катышып келет. Алардын арасында: * «Ракета»; * «Мекен»; * «Такебай»; * «Кошунаны тандабайт»; * «Баатырлар карызы»; * «Участковый»; * «Оюн»; * Жусуп Абдрахманов тууралуу фильм «Жусуп»; * «Өч»; * «Аячы»; * «Кудай сактасын»; * «102»; * «Элес»; * «Тайган»; * «УКМК»; * «Кечир»; * «Профессор». Чыгармачылык жолун театр жана кино искусствосу менен айкалыштырып, ар бир жаңы образдан тажрыйба алып, кесиптик чеберчилигин өркүндөтүп келет.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Жумагазы уулу Мырзабек — фото 1
Жумагазы уулу Мырзабек — фото 2
Жумагазы уулу Мырзабек — фото 3
Жумагазы уулу Мырзабек — фото 4