Таалайбек кызы Анара
Туулган жери: Нарын
Өмүр баяны
Таалайбек кызы Анара 1997-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда төрөлгөн. 2004–2008-жылдары Дыйкан айылындагы Акиш Капаров атындагы орто мектепте билим алган. 2008–2013-жылдары Бишкек шаарындагы №77 жалпы билим берүүчү орто мектепте окуган.
2013–2017-жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы окуу жайда билим алган.
2018–2024-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде жогорку билим алган.
Актёрдук кесипке калыптануу жолунда Анара кыргыз театр жана кино өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнөн билим алган. Атап айтсак: Кыргыз Республикасынын эл артисти Замир Сооронбаевден, Кыргыз Республикасынын эл артисти Калича Сейдалиевадан, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Альбина Имашевадан, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Марат Козукеевден, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси Арнис Кыдырмышевден жана Атай Өмүрбековдон таалим алып, алардын кесиптик тажрыйбасынан үйрөнгөн.
2016-жылы Марат Козукеев койгон «Ажар» спектаклинде башкы каарман Ажардын ролу үчүн «Жаңы ысымдар» фестивалында «Эң мыкты аялдын ролу» номинациясы боюнча сыйлыкка татыган.
2018-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына актриса катары кабыл алынып, чыгармачылык ишмердигин баштаган.
Театрдагы аткарган ролдору
* «Кылым карытаар бир күн» — Сауле.
Режиссёру: Назым Меңдебаиров.
* «Эртеңкиге ордуңду бошот» — Рода.
Режиссёру: Жылдызбек Касейинов.
* «Оо, кыздар!» — Зейне.
Режиссёру: Эгемберди Бекболиев.
* «Ай тутулган түн» — Зубаржат.
Режиссёру: Уланмырза Карыпбаев.
* «Эне» — Гуля.
Режиссёру: Уланмырза Карыпбаев.
* «Мона Лиза» — Мончок.
Режиссёру: Марат Козукеев.
* «Ажар» — Ажар.
Режиссёру: Марат Козукеев.
* «Отелло» — Бьянка.
Режиссёру: Александр Цереня.
* «Түпкүрдө» — Настя.
Режиссёру: Адыл Болорбек уулу.
* «Альманзордун алтын шакектери» — Айсулуу.
Режиссёру: Өмүрбек Израилов.
* «Акыркы кат» — Роза Айтматова.
Режиссёру: Уланмырза Карыпбаев.
* «Эр Төштүк» — Куюн.
Режиссёру: Арнис Кыдырмышев.
* «Бернарда Альбанын үйү» — Адела.
Режиссёру: Шамил Дыйканбаев.
Кинодогу ролдору
* «Жеңижок» тарыхый тасмасында — Көк сулуу;
* «Чоочун киши» — Алия;
* «Такси» — Айгүл;
* «Кудай сактасын» — Гүлмира;
* «Түбөлүккө бирге» — Айжан;
* «Сынбаган аял» — Айсулуу;
* «Контора» — Айдай;
* «Үйдүн ээси» — Адеми;
* «Сен жана мен» — Актриса
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү