Сманов Жеңишбек

Сманов Жеңишбек

Туулган күнү: 9 мая 1982

Туулган жери: Нарын областына караштуу Кочкор районунун Соң-Көл айылы

Өмүр баяны

Сманов Жеңишбек Асылбекович - Нарын областына караштуу Кочкор районунун Соң-Көл айылында 1982-жылы 9-майда туулган. 1999-жылы Соң-Көл орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык театрынын алдындагы театралдык окуу жайын аяктаган. 2008 - Кыргыз Мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун “Актердук чеберчилик” адистиги боюнча билим алган. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына артист катары 2003-жылы кирип, ошол күндөн тарта театрда кыргыз драматургиясынан баштап, дүйнөлүк классикада көптөгөн ар кыл мүнөздөгү образдарды жаратты. Ондогон этаптуу ролдорду, жүздөгөн түрдүү жанрдагы образдарды жаратып, театрдын репертуарын тартып, талыкпай кызмат кылып келет. ЖАРАТКАН РОЛДОРУ: М.Байжиев, “Узак сапардагы поезд”,- Лейтенант, А.Чехов, “Юбилей”, -Шипучин, М.Абылкасымова, “Атаке баатыр”, - Абылай К.Сактанов “Курманжан датка”- Абдылдабек, Жаркынбай, У.Шекспир “Антони Клеопатра” – Көзү ачык, Ж.Садыков “Ормон хан” – Жүз башы, Б.Жакиев “Атанын тагдыры” – Борбук, Н.Мендебаиров “Жомоктор дүйнөсү” – Джин, М.Козукеев, Н.Мендебаиров “Принцесса Бенд За Кинджа и ее маскарапозы” - Чынгызхан, Ж.Садыков “ Өмүр жана өкүнүч” – Эл жигити, М.Тойбаев “Эрте өчкон жылдыз” – Мергенчи, Ж.Садыков “Адам жана азезил” – Жетим бала, М.Булгаков “Зоянын квартирасы” – Биринчи бейтааныш жигит, С.Алтымышов “Таң булбулу” - Офицер М.Гапаров “Куурчакты өлтүргүлө” – Эркин, Ю.Онил “Дарак түбүндөгү махабат” – администратор, К.Зарлыкова “Сибирь челноктору” – Таксист, кайырчы, М.Байжиев “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” – уулу, Э.Ионеско “Макбет” – музыкант, солдат Ч.Айтматов “Чынгызхандын ак булуту” – жигит башы, Т.Теменов “Алма багы” – Күйөө бала, Б.Калчабаева “Баяндуу махабат” – Бий, У.Шекспир “Макбет” – Макдуф, Т.Абдумомунов, “Абийир кечирбейт”,- Нурдин, Р.Оторбаев, “Тагдыр”,- Жалкытай, Ш.Садыбакасов, “Ак боз ат”, - Коңтаажы, Ж.Садыков, “Манастын уулу Семетей”, - Көбөш, Б.Чотурова “Томирис”,- Бахтияр, К.Иманалиев, “Керээз”,- Ормон Хан, Ч.Айтматов “Кылым карытаар бир күн” – А.Куттубаев, М.Ауезов “Еңлик-Кебек” - Жоомарт бий, Ж.Садыков “Төлгө” - Көбөш хан, А.П.Чехов “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” – Хрюкин, Ф. Зеллер, К. Акматов, М. Байжиев “Эне” күйөө баласын, К. Иманалиев “Акыркы кат” – Төрөкул Айтматовдун образын жаратып, улуттук жана Эл аралык театр таануучуларынын жогорку баасына жана театр сүйүүчүлөрүнүн арзуусуна айланды.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Сманов Жеңишбек — фото 1
Сманов Жеңишбек — фото 2
Сманов Жеңишбек — фото 3
Сманов Жеңишбек — фото 4