Мудунов Умар Турсунбекович
Туулган күнү: 19 октября 2005
Туулган жери: Чүй
Өмүр баяны
Мудунов Умар Турсунбекович Чүй облусуна караштуу Кемин районун Кызыл-Суу айылында 2005 жылы 19 октябрда туулган.
2021 - жылы КУАДТ нын алдындагы Бообек Ибраев атындагы окуу жайына окууга тапшырган.
Окуу жайда ойногон ролдорум:
Чынгыз Айтматовдун “Эрте жаздагы турналардан” Султанмураттын, режиссёру Эркин Эгембердиев. Токтоболот Абдумомуновдун “Машырбек уйлонот” чыгармасынан Упайнанын, режиссёрлор Арнис Кыдырмышев жана Өмүрбек Израилов. Өмүрбек Израилов менен курс биргеликте кураштырылган “Үн” спектаклинде селсаяктардын бирин ойногон.
2023-жылы окууну аяктап Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында 1 жыл иштеп, Уланмырза Карыпбаев койгон, Жан Батист Мольердин “ Сараң” спектаклинде Валердин, Султан Раевдин “ Кун кармаган бала” спектаклинде Жусуптун ролун ойгон.
2025-жылдын Октябрь айында Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрына актёр болуп ишке кирген.
“Адам жана Азезилде” Абылдын, реж. Адыл Болорбек уулу. “Альманзордун сыйкырдуу шакектеринде” ханзада Балдырактын, реж. Өмүрбек Израилов. “Атанын тагдыры” чынармасында Жеңишбектин, реж. Арнис Кыдырмышев образдарын жараткан.
Кинодогу ролдору: Реж.Тилек Сарыбаев “Сабак” киносунда Мараттын ролу .
Реж. Дастан Дамиров тарткан “Эсимде” киносунда Бакыттын ролун ойногон.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү