Махабат Асанбековна

Махабат Асанбековна

Туулган күнү: 20 мая 1990

Туулган жери: Чүй

Өмүр баяны

Махабат Асанбековна 1990-жылы 20-майда жарык Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылында дүйнөгө келген. 1997- 2006-ж.ж. Нооруз айылындагы орто мектепти, 2006-2010-ж.ж.Т.Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы театралдык окуу жайын, 2013-2016-ж.Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинин “актердук чеберчилик” бөлүмүн аяктаган. 2009-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы КУАДТда кызмат кылып келе жатат. Бул жылдар аралыгында көптөгөн образдарды жаратып, кыргыз театр чеберлери менен бир сахнада эмгектенип келет. Ролдору: С.Раев “Оо, кыздар” – Карлыгач Ж.Садыков “Манастын уулу Семетей” – Кишимжан Т.Абдумомунов “Абийир кечирбейт” – Шайыргүл Р.Отарбаев “Тагдыр” – Жанна Ш.Садыбакасов “Ак боз ат” – Экинчи аялы Н.В.Гоголь “Үйлөнүү” – Дуняша Б.Чотурова “Рамаяна” – Сумитра Б.Чотурова “Тумар Ханыша” – Балу, Ч.Айтматов “Саманчынын жолу” – келин Ч.Айтматов “Чынгызхандын ак булуту” – саймачы кыз Ж.Садыков “Төлгө” –Кишимжан Т.Касымбеков, К.Сактанов “Курманжан датка” – Курманжан Датканын жаш кези М.Касенов “Алда, даш жубайлар ай” – Газиза Э.Леман “Вестсайд окуясы”- Шүдүңкүт Ж.Кулмамбетов “Алаамат келген күн” - Антигона М.Горький “Түпкүрдө”- Алёна Ж. Садыков “Эр тоштүк” - Кенжеке А. Ройе “Атанын дүнүйөсү” - Анна Б. Жакиев “Атанын тагдыры” - Бурул Ш. Башбеков “Темир аял” - Кулипа Г. Лорка “Бернарда Альбанын үйү” - Ангустиас

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Махабат Асанбековна — фото 1
Махабат Асанбековна — фото 2
Махабат Асанбековна — фото 3
Махабат Асанбековна — фото 4