Кенешбекова Арайлым Белекбековна

Кенешбекова Арайлым Белекбековна

Туулган күнү: 15 сентября 2003

Туулган жери: Чүй

Өмүр баяны

Кенешбекова Арайлым Белекбековна 2003-жылдын 15-сентябрында Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылында төрөлгөн. 2019-жылы Панфилов орто мектебинин 9-классын аяктап, Казакстандагы колледжге тапшырып, дипломго ээ болгон. Ошол эле учурда орто билим тууралуу аттестат алган. Бала кезимден чыгармачылыкка кызыгып, вокал, бий, фортепиано жана кол өнөрчүлүк менен алектендим. 2021-жылы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырдым. Окуу учурунда Арнис Кыдырмышев, Эркин Эгембердиев, Өмүрбек Израилов аттуу устаттардан, сахна тили боюнча педагогдор Калича Сейдалиева жана Альбина Имашевадан билим алдым. Биздин курс эл аралык студенттик театралдык фестивалдарда бир нече жолу Гран-приге жана биринчи орундарга ээ болду. Дипломдук спектаклде Токтоболот Абдумуновдун «Машырбек үйлөнөт» пьесасында Зыйнат Бекеевна ролун аткардым. Ошондой эле «Үн» спектаклинде Жаркындын образын жараттым. 2024-жылы театралдык окуу жайды аяктадым. Окууну бүткөндөн кийин К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында иштеп, Мольердин «Сараң» спектаклинде Элиза жана Марианна ролдорун аткардым. Спектаклдин режиссёру — Уланмырза Карыпбаев. 2024-жылдын сентябрь айында Кыргыз улуттук академиялык драма театрына актриса болуп кабыл алынып, бүгүнкү күнгө чейин ушул театрда эмгектенип келем. 2025-жылы Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин театр факультетине «Драма актёру» адистиги боюнча сырттан окуу бөлүмүнө үчүнчү курска кабыл алынып, учурда төртүнчү курста билим алып жатам. Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын репертуарында төмөнкү ролдорду аткарып келем: — Айсулуу — «Альманзордун сыйкырдуу шакектери», режиссёр Өмүрбек Израилов; — Майраш — Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» спектакли, режиссёр Арнис Кыдырмышев; — Роза Айтматова — К. Иманалиевдин «Акыркы кат» спектакли, режиссёр Уланмырза Карыпбаев. Кино тармагында да чыгармачылык иштеримди улантып келем. Сүйүн Откеевдин «Жетикс» тасмасында Карлыгачтын, Дастан Дамировдун «Ифрит 2» тасмасында башкы каарман Аянанын, «Көлөкө» тасмасында Аселдин ролдорун аткардым

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Кенешбекова Арайлым Белекбековна — фото 1
Кенешбекова Арайлым Белекбековна — фото 2
Кенешбекова Арайлым Белекбековна — фото 3
Кенешбекова Арайлым Белекбековна — фото 4