Касейинов Жылдызбек Аманжолович
Туулган күнү: 21 мая 1989
Туулган жери: Нарын
Өмүр баяны
Касейинов Жылдызбек Аманжолович
1989-жылы 21-майда Нарын областына караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген.
2008-2013-ж.ж. Б.Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинде билим алган.
2010-2012-ж.ж. Ш.Термечиков атындагы Чүй областык драма театрында артист;
2012-2014-ж.ж. Учур мамлекеттик жаштар театрында артист;
2014-жылдын тартып Т.Абдумомунов атындагы КУАДТда артист катары кызмат кылып келет.
Ролдору:
М.Метерлинг “Көк куш” – Дөбөт
Ч.Айтматов “Саманчынын жолу” – Касым
Ч.Айтматов “Кылым карытар бир күн” – Сабитжан
Ш.Садыбакасов “Ак боз ат” – Мансур
Б.Чотурова “Рамаяна” – Бхарата
Ж.Садыков “Төлгө” – Сарытаз
Т.Касымбеков, К.Сактанов “Курманжан Датка” – Ак балбан
К.Иманалиев “Керээз” – Жигит башы
Э.Эфендиев “Рахмат сага Шекспир” – Санитар
М.Ауэзов “Эңлик-Кебек” – Эсен
М.Касенов “Алда жаш жубайлар” – Азат
Ш.Башбеков “Темир аял” – Алымтай
Э.Леман “Вестсайд окуясы” – Бернардо
Б.Жакиев “Көздөн учкан Ата-журт” - Эстебес
К.Иманалиев “Коркут ата” - Бай
Б.Чотурова “Тумар ханыша” – Бактияр
Т. Актанов “Тагай бий” – Бердибек баатыр
Режиссердук ишмердүүлүгү:
Т. Абдумомунов атындагы КУАДТда.
В. Дельмар “Эртеңкиге ордуңду бошот” – режиссер
М. Рыскулов атындагы НОАМДТда
Ч. Айтматов “Кыямат”
Кинодогу жараткан образдары:
1. “Аврора” – Сутенер , реж: Б.Пирматов
2. “Адилет” сериалы – Жолон, реж: Н.Ходжа
3. “Ак шоола” сериалы – Самаган, реж: Ы.Окенова
4. “Разбой” – Нурлан, реж: М.Жумаев
5. “Бир күн-түн” – Күйөө бала, реж: Б.Мукул
6. “Жаным” – Жолдош, реж: М.Жумаев
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү