Карагулов Арген Карагулович

Карагулов Арген Карагулович

Туулган күнү: 18 мая 1992

Туулган жери: Бишкек

Өмүр баяны

Карагулов Арген Карагулович 1992-жылы 18-майда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1999-жылы Бишкек шаарындагы №64-мектеп-гимназиясына кирип, 2008-жылы аяктаган. Ошол эле жылы М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. 2009-жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын алдындагы окуу-жайга тапшырып, 2013-жылы аяктаган. Окууну аяктаган соң, аталган театрда артисттик кызматты аркалай баштаган. Арген Карагулов студенттик кезинде эле башкалардан өзгөчөлөнүп өзүн көрсөтүп, дипломдук спектаклде Мар Байжиевдин “Төрт адам” спектаклинде Азиздин образын жараткан. Дал ушул образдан кийин чыгармачылык жолу ийгиликтүү башталып, кийинки белгилүү ролу У.Жукеновдун “Үч каракчы” аттуу спектаклинде Дөдөйдүн ролун аткарганы болду. Театр окуу жайы 1. Мар байжиев «Торт адам» Азиз 2. Т. Актанов «Айколдун аманаты» Шайтан 3. Ж. Садыков «Адам жана Азезил» Добулбасчы КУАДТ 1. Улан Жукенов «Уч каракчы» Додой 2. Мар Байжиев «Алтынчы куну кечинде» Эсен 3. Н. Гоголь «Ревизор» Копостор 4. Р. Оторбаев «Тагдыр» Макс 5. Д. Жанжигитов «Приключение Макса» Макс 6. Л. Хюбнер «Куру намыс» 7. Ч. Айтматов «Чынгызхандын ак булуту» 8. А. Абдыгулова «Бурулча» 9. Ш. Садыбакасов «Ак боз ат» 10. Ж. Садыков «Манастын уулу Семетей» 11. К. Сактанов «Курманжан Датка» Катчы 12. Б. Чотурова «Тумар ханыша» Гистасп 13. Ф. Дюрренматт «Картан айымдын келиши» Журналист 14. А. Темирова «Улуу Бхаратанын урпактары» Накула 15. М. Гапаров «Туздуу Чол» Чолдун ээси 16. Б. Жакиев «Коздон учкан ата журт» 17. А. Несин «Торостук Зоокур» Метин, журналист Кинодо ойногон ролдору: 1. А. Эрбаев «Кайра жаралуу» Макс 2. «Боронбай» Боронбай Арген Карагулов өзүнүн тырышчаактыгы менен башкалардан өзгөчөлөнөт. Берилген милдетти өз убагында жана өзгөчө берилүү менен аткаргандыгы менен келечектен көптү үмүттөндүрөт. Буга мисал Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын “90 жылдык” мааракесин өткөрүүдө активдүү катышкандыгы болду. Ишке өтө жоопкерчилик менен мамиле кылат. Ар дайым чыгармачылык изденүүнүн үстүндө.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Карагулов Арген Карагулович — фото 1
Карагулов Арген Карагулович — фото 2
Карагулов Арген Карагулович — фото 3
Карагулов Арген Карагулович — фото 4