Канболот Атакан уулу
Туулган күнү: 11 февраля 1990
Туулган жери: Жалал-абад областы Токтогул району
Өмүр баяны
Канболот Атакан уулу.
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти. Ал 1990-жылы 11-февралда Жалал-Абдан областына караштуу Токтогул районуна караштуу Сары-Сөгөт айылында жарык дүйнөгө келген. 1997-жылы Ы.Алымбеков атындагы №21-орто мектебине кирип, 2008-жылы аяктаган.
2009-жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын алдындагы окуу-жайга тапшырып, 2013-жылы аяктаган. 2013-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинин “Драма режиссеру, педагог” бөлүмүнө тапшырып, 2018-жылы аяктаган.
Окууну аяктаган соң, аталган театрда артисттик кызматты аркалай баштаган. Канболот Атакан уулу студенттик кезинде эле башкалардан өзгөчөлөнүп, Т.Актановдун “Айкөлдүн аманаты” спектаклинде Жезтаңдайдын образын жараткан. Дал ушул образдан кийин чыгармачылык жолу ийгиликтүү башталып, Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектаклинде башкы каарман Семетейдин жана М.Метерлингдин “Көк куш” жомогунда Тил-тилдин образын мыкты деңгээлде ачып берген. Театрда улуттук драматургиядан тартып дүйнөлүк классикалык чыгармаларга чейин көптөгөн образдарды сахнада ачып берүүгө аракет кылып келет. Өзгөчө акыркы жылдары коюлган К.Иманалиевдин “Керээз” спектаклинде Алыбек баатырдын, Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектаклинде Бекташтын, Э.Лемандын “Вестсайд окуясы” – Тонинин, М.Ауезов “Еңлик Кебек” – Жапалдын, Ж. Садыков “Төлгө” – Семетейдин жана Манасчынын ж.б образдарды мыкты чеберчилик менен ачып берип, көрүүчүлөрдүн жана театр сынчыларынын купулуна толо алды.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү