Качкынбаев Аскар Аликович

Качкынбаев Аскар Аликович

Туулган күнү: 15 мая 1992

Туулган жери: Чүй

Өмүр баяны

Качкынбаев Аскар Аликович. 1992-жылы 15-майда Чүй областына караштуу Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жарык дүйнөгө келген. 1999-жылы Ө.Жакишев атындагы орто мектебинин босогосун аттап, 2010-жылы аяктап, ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайына тапшырып, 2014-жылы аяктаган. 2019-2025-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган. Окууну аяктаары менен Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына актер катары кызматка алынган. Өзүнүн тырышчаактыгы, тактыгы, аракети менен көптөгөн образдарды жаратып келет. Алсак, Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектаклинде Темир жолчунун, “Кылым карытар бир күн” спектаклинде аракеч күйөөнүн, Ф.М. Достоевский “кылмыш жана жаза” спектаклинде немец аялдын Э.Лемандын “Вестсайд окуясы” спектаклинде Арабдын, Ш.Башбековдун “Темир аял” спектаклинде Алымтайдын, Т.Жуженоглунун “Бейтааныш” спектаклинде Бейтааныш адамдын, М.Касеновдун “Алда жаш жубайлар ай” спектаклинде Багратиондун, Ж. Садыков “Төлгө” – Тазбайматтын, К. Иманалиев “Акыркы кат” – Нурфаттын, Ч. Айтматов “Ашуу” - Ильяздын жана башка бир топ образдарды жаратып келет.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Качкынбаев Аскар Аликович — фото 1
Качкынбаев Аскар Аликович — фото 2
Качкынбаев Аскар Аликович — фото 3
Качкынбаев Аскар Аликович — фото 4