Израилов Өмүрбек Израилович

Израилов Өмүрбек Израилович

Туулган жери: Талас

Өмүр баяны

Израилов Өмүрбек Израилович 1995-жылы Талас областына караштуу Манас районунун Чоң-Капка айылында жарык дүйнөгө келген. 2001-2011-жылдары Баялыш уулу Рахмат атындагы орто мектебинен билим алган. 2011-жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын алдындагы окуу-жайга тапшырып, 2015-жылы аяктаган. 2015-2028-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билимин тереңдеткен. Окууну аяктаган соң, аталган театрда артисттик кызматты аркалай баштаган. Ө.Израилов студенттик кезинде эле башкалардан өзгөчөлөнүп, Ж.Б.Мольердин “Скапендин жоруктары” спектаклинде Өктөмдүн образын мыкты жаратып, дал ушул образдан кийин чыгармачылык жолу ийгиликтүү башталган. Театрда жүрүп жаткан алдыңкы спектаклдерде башкы каармандардын образын жаратып келет. Алсак, Б.Чотурованын “Рамаяна” спектаклинде Раманын, Ч.Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” спектаклинде Маңкурттун, К.Иманалиевдин “Керээз” спектаклинде Арстанбектин, Ж.Садыковдун “Төлгө” спектаклинде Семетейдин, К. Иманалиев “Акыркы кат” – Төрөкүл Айтматовдун, М. Карим “Ай тутулган түндө” - Акъегет, У. Шекспир “Отелло” - Кассионун жана башка мыкты образдарды жаратып келет. Израилов театр маданияты менен катар эле кыргыз кино искусствосунун да өнүгүүсүнө зор салым кошуп, көптөгөн мыкты образдары менен белгилүү.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Израилов Өмүрбек Израилович — фото 1
Израилов Өмүрбек Израилович — фото 2
Израилов Өмүрбек Израилович — фото 3
Израилов Өмүрбек Израилович — фото 4