Исакова Жанылай Алымкуловна
Туулган күнү: 13 мая 1993
Туулган жери: Ош
Өмүр баяны
Исакова Жаңылай Алымкуловна
1993-жылы 13-майда Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. 2000-жылы Ош шаарындагы Ю.А. Гагарин атындагы №17-мектеп-гимназиясында 2009-жылга чейин билим алып, Ноокат районунун Көк-Жар мектебин аяктаган.
Борборго келип, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана Искусство университетинин “Театр жана кино” факультетинин “Режиссура жана актёрдук чеберчилик” кафедрасына 2011-жылы тапшырып, 2016-жылы аяктаган. Окууну аяктаган соң аталган университеттин “Социалдык ишмердүүлүк” факультетинин “Хореграфия” бөлүмүнөн да билим алып жатат. Исакова Жаңылайдын эмгек жолу Ош облустук Р. Абдыкадыров атындагы филармониясынын “Адеми” бий тобунда бийлөө менен башталган.
2010-жылы С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында артисттик кызматты аркалаган.
2013-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Новопавловка айылындагы Ч.Айтматов атындагы мектеп-лицейинде “Хореграфия” ийриминин жетекчиси болуп эмгектенген.
2016-жылы Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрында режиссёрлук милдетти аткарган.
2017-жылдын март айынан тарта Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында артисттик кызматты аркалап келет.
Ролдору:
Т.Касымбеков, К.Сактанов “Курманжан Датка” –Курманжан Датканын жаш кези
Ж.Садыков “Төлгө” – Кишимжан
Э.Леман “Вестсайд окуясы” –Мариям
Ш.Башбеков “Темир аял” – Темир аял
Ш.Садыбакасов “Акбоз ат”- Лайлум
Б.Чотурова “Рамаяна ” – Кайкейи
Ч.Айтматов “Чыңгызхандын ак булуту” – Саймачы кыз
С.Раев “Оо, кыздар” – Жаркын
М.Касенов “Алда жаш жубайлар, ай” – Бану, Зуураш
Т.Абдумомунов “Абийир кечирбейт” – медайым
Ж.Садыков “Манастын уулу Семетей” – Желдеңбайдын кызы
Р.Отарбаев “Тагдыр” – Гуля
Г.Лорга “Бернарда Альбанын үйү” – Мартирио
Педагогикалык ишмердүүлүгү:
Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайында Исакова Жаңылай Алымкуловна 2017 – жылдан бери «Ритмика», «Бий» сабактары боюнча айкалышкан негизде мугалим болуп эмгектенип келе жатат. Ж. А. Исакова өзүн бир гана мыкты актриса, режиссер эле эмес, тажрыйбага бай, студенттер менен иштеше билген таланттуу мугалим катары көрсөтө алды. Ал тарбиялаган студенттер жан дүйнөсү ачылган, сахнанын көркүн чыгарган музыкалык жөндөмдүү, өз кесибин жогорку деңгээлде аткарган адистер болуп чыгууда. Ж. А. Исакова мугалимдик кызматына олуттуу, жоопкерчиликтүү мамиле жасаган педагог.
Койгон спектаклдери:
1. Ч.Айтматов “Жамийла” – режиссер-коюучу. (Т.Абдумомунов КУАДТ)
2. Б.Калчабаева “Бөрү заман” - режиссер-коюучу. (Ш.Термечиков ЧОДТ)
3. В.Красногоров “Премьерадан кийинки фуршет” режиссер-коюучу.
4. М.Байжиев “12 күн” режиссер-коюучу. К.Ажыбаев ат. Алай муз.театры
5. Г.Алиева “Кыл көпүрө” - режиссер-коюучу. Б.Кыдыкеева ат.ТЮЗ
Спектаклдерде балетмейстр катары:
М.Касенов “Алда жаш жубайлар, ай”
Т.Абдумомунов “Карагул ботом”
Жаңы-жылдык жомоктордо 2017-жылдан баштап бий коюп келет.
Коомдук маданий иш-чараларда балетмейстр катары:
2011-жылы Уркуя Салиеванын 100 жылдыгына арналган салтанаттын балетмейстри
2016-2018-ж.ж. – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жана “Көчмөндөр ааламы” театралдык оюн-зооктун балетмейстри жана башка маданий иш-чараларда балетмейтр жана режиссердун жардамчысы катары кызмат кылып келет
Котормолору:
1. К.Гальдони “Эки төрөгө бир малай”
2. В.Красногоров “Премьерадан кийинки фуршет”
3. Э.Скарпетта “Ак сөөктөр жана ач жылаңачтар”
4. Ж.Бейшекеев “Темир артындагы үмүт”
Кинодо режиссер-коюучу катары:
1. Г.Алиева “Күтүү” кыска метраждуу тасма
2. “Коом жана адам” социалдык роликтер түрмөгү
Фильмография
1. « Кууш жолдо» сериал реж. М . Мамбетов башкы каармандын кызы 2005 г. ( кыргызтелесериал)
2. « Боз балдар» х\ф реж. К .Касенов Жыпаргүл 2007 –ж. ( студия Э,КА)
3. « Классташтар »х\ф реж. К.Касенов Аида 2012 – ж. ( студия Э,КА)
4. « Чак түштө түшкөн чагылган» сериал реж. М .Мамбетов роль – Чолпон 2013-ж. ( кыргызтелесериал)
5. « Алдамчы Джеки» х\ф реж . А. Акматов - Ууру кыз 2013-ж
6. « Бунт» х\ф реж. С. Сайназаров роль –Эля келин 2017-ж; Экинчи режиссер
7. « Салам Ош » х\ф реж . Т. Бугучиев роль –Аделя 2017-ж ; Экинчи режиссер
8. « Махабат» х\ф реж. М. Мамбетов экинчи режиссер; «Шаир студия» продакшн
9. « Акшоола» сериал реж . Ы . Окенова роль – Айнура 2018-ж ( ОТРК )
10. «Кыялкечтер» х\ф реж. С. Откеев Зумрат; Экинчи режиссер « Медиастар продакшн»
11. «Звонок бога» реж. Ким Ки Дук эпизод – девушка 2018-ж
12. «Нури» реж. Замир Жашасын уулу сценарист, экинчи режиссер 2019 г KG wood продакшн
13. «Эки баатыр» реж. Руслан Акун кастинг директор
14. “Аян”. Реж.Б. Алимбаев роль – Келин. (Кыргызфильм киностудиясы)
15. “Өч” Э.Таалайбеков роль-Жактоочу (50-квартал продакшн)
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү