Борисова Жанара

Борисова Жанара

Туулган күнү: 19 сентября 1998

Өмүр баяны

Өмүр баян Борисова Жанара Борисовна 1998-жылы 19-сентябрда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жарык дүйнөгө келген. 2014-2018-ж.ж. Т.Абдумомунов атынлдагы КУАДТнын алдындагы театралдык окуу жайда билим алган. 2018-жылы Т.Абдумомунов атындагы КУАДТга артист катары кызматка кирген. Ошол күндөн тарта 1. С.Раевдин “Оо, кыздар” спектаклинде Флюранын, 2. Ш.Башбековдун “Темир аял” спектаклинде Салтанаттын, 3. М.Касеновдун “Алда жаш жубайлар, ай” – Банунун, 4. Ч.Айтматовдун “Чынгызхандын ак булуту” спектаклинде саймачы кыздын, 5. Ж.Кулмамбетовдун “Алаамат келген күн” спектаклинде Исменунун, 6. Р.Отарбаевдин “Тагдыр” спектаклинде Наркоманканын образын жараткан. 7. К. Иманалиев “Керээз” спектаклинде Уулбала 8. Ф.Г Лорка “Бернарда Альбанын үйү” Адела 9. Ч.Айтматовдун “Чынгызхандын ак булуту” спекталинде Догулан 10. ЖСадыков “Эр Төштүк” спектаклинде Жезкемпирдин жаш кези 11. Ч. Айтматов “Ашуу” спектаклинде Кадича 12. М.Горкий “Түпкүрдө” спектаклинде Алёнка 13. А.Чехов “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” Мадам 14. Ж. Садыков “Адам” спектаклинде Азезил Жанара Борисовна өзүнүн тырышчаактыгы менен өзгөчөлөнөт. Берилген милдетти өз убагында жана өзгөчө берилүү менен аткаргандыгы менен келечектен көптү үмүттөндүрөт. Ишке өтө жоопкерчилик менен мамиле кылат. Ар дайым чыгармачылык изденүүнүн үстүндө.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Борисова Жанара — фото 1
Борисова Жанара — фото 2
Борисова Жанара — фото 3
Борисова Жанара — фото 4