Адыл Болорбек уулу

Адыл Болорбек уулу

Туулган жери: Ысык-Көл Областындагы Кара-Ой айылы

Өмүр баяны

Адыл Болорбек уулу - 1990 жылы Ысык-Көл Областындагы Кара-Ой айылында туулган. 2007-жылы Бишкек шаарындагы № 81 – орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Кыргыз улуттук Академия драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырып, 2011-жылы бүткөн. Эмгек жолун Каракол шаарындагы Жантошев атындагы театрда баштаган. 2012-2014-жылдары Бишкек шаарындагы Учур жаштар атындагы театрда эмгектенген. 2014-жылдан баштап Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында эмгектенет. Ойногон ролдор. Учур жаштар театры 1. “Апендинин беш катыны” – Зубайда 2. “Ак Мөөр” Болот 3. М. Мольер “Тартюф” - 4. Ч. Айтматов “Кыямат” - Эрназар 5. М. Байжиев “Он экинчи күн” 6. Ч. Айтматов “Анархай” - Кемел Т. Абдмумомунов атындагы КУАДТ 1. “Көк куш” - Мышык 2. Б. Чотурова “Тумар Ханыша” - Спаргапис 3. Ч. Айтматов “Саманчынын жолу” - Жайнак 4. Ч. Айтматов “Чынгыз хандын Ак булуту” - Дервиш 5. К. Иманалиев “Коркут Ата” - Коркут 6. К. Иманалиев “Керээз” - Файзула Ногоев. 7. Чокан Валиханов - Достоевский 8. Ч. Айтматов “Кылым карытар бир күн” – Көр казган киши 9. Ж. Садыков “Төлгө” – Эшен молдо 10. Т. Жуженоглу “Бейтааныш” – Бейтааныш 11. Т. Актанов “Тагай бий” – Жигит Койгон спектаклдер: 1. Ажы – “Я хочу жить”… 2013-жыл Учур Жаштар театры. 2. Д. Жанжигитов – сказка “Царство Дракона”. 2015-жыл, КУАДТ 3. Д. Жанжигитов – Сказка “Хрустальное Сердце”. 2016-жыл, КУАДТ 4. Илья Члаки – “Как тебя зовут”. 2015-жыл, КУАДТ 5. М.Горький – “Түпкүрдө”, 2023-жыл. КУАДТ 6. Ж.Садыков – “Адам”, 2025-жыл. КУАДТ Сыйлыктары: 1. 2016-жылы Түрк ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов сыйлыгы. 2. 2016-жылы Түрксой Дүйсен Касейинов Сыйлыгы Медаль. 3. 2016-жылы Эмгек синирген артист Алтынбек Шатенов атындагы сыйлык. 4. 2013-жылы “Хочу жить” спектаклин койгондугу үчүн Эргүү Владислав Пази атындагы сыйлык. 5. 2012-жылы Ардак грамота. 6. 2014-жылы Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси. 7. 2016-жылы Казакстан фестивалында “Эркектин эң мыкты ролу үчүн” номинациясынын ээси.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Адыл Болорбек уулу — фото 1
Адыл Болорбек уулу — фото 2
Адыл Болорбек уулу — фото 3
Адыл Болорбек уулу — фото 4