Турсунбаев Нурканбек
Туулган күнү: 15 июля 1940
Туулган жери: Нарын областынын Жумгал району
Өмүр баяны
Турсунбаев Нурканбек, КР Эл артисти,
15.07.1940 жылы туулган, улуту кыргыз, жогорку билимдүү.
Көп кырдуу, уникалдуу,өзгөчө талант: 1966-жылдан бери СССР Театр Ишмерлер, Кинематографисттер, Композиторлор союздарынын мүчөсү болду.
Драмалык актер катары: Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын сахнасында 59 жыл аралыгында 100 дөн ашуун Кыргыз Улуттук классикасынан Дүйнөлүк классикага чейинки каармандардын образдарын эң жогорку деңгээлде элдин купулуна толо аткарып, эл алкышына ээ болуп келүүдө. Театрда актердук чеберчилик менен эле чектелип калбастан, 30 жыл чамасында гастролдук иштерин эң мыкты уюштуруучулук менен жетектеп, учурундагы пландарды ашыгы менен аткарып, театрдын материалдык базасын чыңдоого эбегейсиз салым кошкон.
Эл сүйүп угуп - көргөн «Кутмандуу болсун күнүңөр!», «Театр микрофондо», «Шибеге», «Көрөгөч», «Дүйшөмбүдө кечинде», «Ушундайлар да болот», «Мыскыл жана Тамаша», «Алтынчы күнү кечинде», «Бөбөк сенин жомогуң» ж.б.у.с радио-телеберүүлөрдө талыкпай эмгектенип келе жатат. Эң алгачкы «Абайлап күлгүлө!» аттуу мыскыл жана тамаша программасынын автору.
Киноактер катары: 15 тен ашуун 1961-жылкы Кыргыздын эң алгачкы көркөм түстүү кинофльми болгон «Жородогу» башкы каарман Мусанын ролунан баштап, ушул күнгө чейинки Россия – Кыргыз – Казакфильм киностудиялары чыгарган фильмдерде башкы каармандардын образдарын эң жогорку деңгээлде жаратты. 300 дөн ашуун кинофильмдердин дубляж-котормолорунда катышты.
Обончу композитор катары: Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын 10 дон ашуун спектаклинин, Республикалык М.Жангазиев атындагы Куурчак театрынын 20 га жакын куурчак спектаклинин, 10 дон ашуун «Кыргызфильм», «Кыргызтелефильм» студиялары чыгарган көркөм жана документалдуу телефильмге музыкаларын жазып, ал музыкалардын айрымдары Дүйнөлүк фестивалдарда лауреаттык наамга ээ болгон. Мисалы: “Почта” аттуу документалдуу телефильмге жазган музыкасы 1972-жылы Германиянын Лейпцих шаарында өткөн Бүткүл Дүйнөлүк кинофестивальда «Күмүш Көгүчкөн» байгесине татыктуу болуп, лауреаттык наамга ээ болгон. Мындан тышкары, 1500 ге чукул обондуу ырларды жаратып, алардын ичинен бир топ чыгармалары Союздук фестивальдарда, Республикалык кароо-конкурстарда, айрымдары Дүйнөлүк фестивальдарда баш байгени багынтып лауреаттык наамга ээ болушкан. Мисалы: «Алтынчы күнү кечинде» аттуу ыры 1974-жылы Чехославакиянын Прага шаарында өткөн Дүйнөлүк Обончу-Композитор-Атакаруучулардын фестивалында Дүйнөлүк ырчы Болот Миңжылкиевдин аткаруусунда баш байгеге татыктуу болуп, жеңүүчү деп табылган да, бул ийгилик Болот Миңжылкиевге «СССРдин Эл артисти» деген наамды ыйгаруу менен белгиленген. «Геологдун ыры» аттуу ыры 1995-жылы Геологдордун гимни, «Сүйгөн жерим» аттуу ыры Кыргызстандын Агрардык Эмгек партиясынын гимни болуп 1997-жылы конкурстун негизинде кабыл алынган жана ушул эле “Сүйгөн жерим” аттуу ыры 2007-жылы “Сен ооруба, мен ооруйун Ата-Журт!” сынагында атайын дипломго татыктуу болгон. “Күкүк кушум” аттуу чыгармасы 1996-жылы Республикалык конкурстун лауреатыгына татыктуу болуп, атайын байге менен сыйланган. «Ай баратат» аттуу ыры СССРдин Эл артисткасы Бүбүгүл Төлөгөнованын жана белгилүү эстрада ырчысы Ырыскелди Осмонкуловдун аткаруусунда Бүткүл Дүйнөлүк Эл Аралык фестивальдарда баш байгелерди багындырган. Ал эле эмес “Каныбек” кино тасмасы Бүбүгүл Төлөгөнованын аткаруусунда ушул “Ай баратат” чыгармасы менен музыкалык көркөмдөлгөн. Бул «Ай баратат» чыгармасы 2001-жылы Ырыскелди Осмонкуловго Турцияда өткөн Дүйнөлүк фестивальда чоң ийгилик алып келип, Биринчи сыйлык Алтын медалга татыктуу болгон да, бул ийгилик ырчыга «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наам менен белгиленген. Эң алгачкы “Гүлдөр симфониясы” аттуу 62 обондуу чыгармадан турган балдар опереттасын жараткан. Обончу - композиторлордун Республикалык кароо – сынагынын Баш байге жана Биринчи байгенин жеңүүчүсү – 2019-жыл. “Жамийла” (сөзү К.Урманбетов) аттуу чыгармасы Баш байге, “Жайкы жамгыр” (сөзү М.Алыбаев) аттуу чыгармасы Биринчи байгени жеңип алып, Нурканбек Турсунбаев лауреаттык наамга ээ болду. Кыргыз музыка тарыхында бул ийгилик чоң жаңылык болду, себеби бир автор бир эле сынакта эки башкы байгеге ээ болгон мурда Маданият тарыхында болуп көргөн эмес эле. Чынгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлык – 2018 – жылы Нурканбек Турсунбаевдин Дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча жараткан образдарындагы чоң жетишкендиктери, залкар жазуучунун чыгармалары боюнча коюлган спектакльдерди жогорку деңгээлде музыкалаштырган жана ал каармандарын музыка жаатында чагылдырып, эң көркөм музыкаларды жогорку чеберчиликте жаратып жана залкар жазуучунун бейнесине арнап жараткан дастан чыгармасы улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн сынактын негизинде татыктуу деп табылып, ыйгарылды.“Кыргыз Туусу” газетасы жыл сайын өткөрүп келаткан сынактын жыйынтыгы боюнча 2016-жылы “Жылдын чыгаан чыгармачылык инсаны”, 2017-жылы “Жылдын эң мыкты обончу-композитору” деген сыйлыкка татыктуу болуп, сынактын жеңүүчүсү деп табылды. Нурканбек Турсунбаевдин обондуу ырлары Кыргыз музыкасынын бир нече муундагы алтын добуш корифейлери Артык Мырзабаев, Гулчехра Валиулина, Салима Бекмуратова, Кыдырбек Чодронов, Хусеин Мухтаров, Аманбек Нуртазин, Болот Миӊжылкиев, Дарика Жалгасынова, Эркин Касымов ж.б., Кыргыз кыз-келиндер институтунун хору, Асанкан Жумакматов атындагы симфониялк оркестрдин, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин, “Энесай” тобунун, “Камбаркан” фольклордук элдик ансамбли, “А.Мукамбетов атындагы Теӊир-Тоо” тобунун, “Наристе” тобунун, “Ак шоола” балдар хорунун, ж.б.у.с. репертуарында аткарылып, элге кеңири таанылып, Улуттук Алтын казынаны байыткан чыгармаларга айланды. Бүгүнкү күндө Нурканбек турсунбаевдин чыгармалары бир эле Кыргызстандын вокалисттеринин кызыгуусун арттырбастан, бир топ мамлекеттин ырчыларынын репертуарларына сүңгүп кирип олтурат. Мисалы: Канатбек Айбек, Саясат Суюнышев, Мадина Оразбай (Казахстан республикасы), Любовь Буторина (Башкортостан республикасы), Фарида Мамедова (Азербайжан республикасы), Айхан Хелваджы ( Турция мамлекети) ж.б.у.с. мисалдар арбын.
2025-жылы Нурканбек Турсунбаев “Евразия” Эл аралык сынагына “Достуктун тили – Музыка” долбоорунун алкагында орус тилдүү акындардын орус тилиндеги поэзиясына жаралган “Главное верить в себя”, “Они молчали 10 лет”, “Папа как любит дочь”, “Спасибо,что ты есть на свете!”, “Хочу совместного счастья” ж.б.у.с. чыгармалары менен катышып, аталган долбоор “Евразия” Эл аралык сынагынын атайын диплому менен сыйланды.
Музыкант катары 14 улуттун музыкалык аспаптарында эркин ойноп, обон чыгарат. Музыканттык өнөрүн педагог катары 50 жыл аралыгында жогорку окуу жайларында, мисалы: Кыргыз Улуттук Университетинде, Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунда, Кыргыз Тоо-Кен металлургиялык институтунда, орто окуу жайларында, драмалык жана элдик-фольклордук ийримдерге Көркөм жетекчилик кылып, өз өнөрүн үйрөтүп, педагогикалык чоң жетишкендиктери үчүн ВЦСПСтин «Өздүк көркөм чыгармачылык искусствосундагы эң жогорку жетишкендиктери үчүн» аттуу Ардак Грамотасы менен 2 жолу, ЦК ЛКСМдин «Өздүк көркөм чыгармачылык искусствосундагы жетишкендиги үчүн» аттуу медалы менен 2 жолу сыйланган.
Кыргыз Цирк искусствосуна кошкон салымы – бул 1961-жылкы ДЖаныбеков Евгений Александрович (Чжан Фун-Лин) жетектеген Кыргыз Циркинин эң алгачкы «Канаттагы комузчулар» - “Мачтадагы акробаттар” программасынын автору жана машыктыруучусу, Кыргыз Цирки бул программа менен 60 жылдан ашуун убакыттан бери Дүйнөлүк Аренага чыгып келүүдө, Кыргыз Циркинин көч башындагы программасы болуп калган. Мындан тышкары, тарыхта Кыргыз цирикинин негиздөөчүлөрүнүн бири катары калган чыгармачыл инсан.
Акын катары: 1000ден ашуун лирикалык, Эл-Жер, Ата-Мекенге арналган мазмуунду ырлардын автору, алардын айрымдары газета-журналдардын беттерине жарык көрүп келүүдө.
1997-жылы Республика боюнча мектеп окуучуларына, жогорку жана орто окуу жайларынын студенттерине кеңири таанымал болуп калган «Өз элиңдин Маданият тарыхын бил,Келечек Муун!» аттуу автордук окуу тарбиялык программаны иштеп чыгып, ал программа Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлиги аркылуу жактырылып, колдоого алынып, таалим-тарбиялык мааниси өтө таасирлүү заманбап деп табылып, 29 жылдан бери ушул программанын үстүндө үзүрлүү эмгектенип, мектеп окуучуларына жана студенттерге тартуулап, Республикалык масштабда чоң иш алып барууда. Бул программанын негизги максаты Кыргыздын нукура маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын, нукура маданиятка эмгек сиңирген Кыргыздын сыймыктуу инсандарынын өрнөктүү чыгармачылык жолун келечек муун болгон жаштарга тереңден таанытуу болуп эсептелет.
1989-жылы «Эмгектин Ардагери» медалы менен сыйланган.
1995-жылы «Кыргыз Республикасыны эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.
2018-жылы - Чынгыз Айтматов атындагы Эл Аралык сыйлык ыйгарылган.
2021-жылы - Абай Кунанбаев атындагы Эл аралык сыйлыгы менен сыйландым. Улучши качество фото не меняй лиц
2021-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Эл аралык сыйлык менен сыйландым.
2021-жылы – “Эргүү” Улуттук Театр сыйлыгы менен сыйланды.
2021- жылы - “Ала-Тоо таңшыйт” Улуттук Музыка сыйлыгы менен сыйланды.
2021-жылы – Нарын областынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.
2021-жыл – Бишкек шаардык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйланды.
2021-жылы – “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” ардактуу наамы ыйгарылды.
2021-жылы – “РУХ-БЕЙНЕ” Эл аралык чыгармачылык академиясынын “Жылдын эң мыкты композитору” сыйлыгы менен сыйланды.
2022-жылы – Эл аралык “ТЮРКСОЙ уюмунун Г.Низами атындагы сыйлыгы менен сыйланды.
2022-жылы – Эл аралык “ТЮРКСОЙ уюмунун М.Ауэзов атындагы сыйлыгы менен сыйланды.
2025-жылы – “Жетиген” журналынын сыйлыгы менен сыйланды.
2025-жылы – “ЕВРАЗИЯ” Эл аралык сынагынын атайын диплому менен сыйланды.
1991-жылдын бери Таттыбүбү Турсунбаева атындагы Республикалык фондун жетектеп келет. Улуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча иш - чаралардын дээрлик баардыгын иш жүзүнө ашырууга жетекчилик кылып, Кыргыз маданият тарыхына зор салым кошуп келүүдө. Коомчулукта Нурканбек Турсунбаевди бир тууганчылыктын феномени деп аташат. Себеби, Кыргыздын легендарлуу актрисасы Таттыбүбү Турсунбаеванын экинчи өмүрүнүн сүрүшүнө арналган дээрлик баарлык иш-чаралардын демилгечиси жана түздөн –түз аткаруучусу да болуп келүүдө.
Эң чоң долбоордун бири Таттыбүбү Турсунбаеванын айкел эстелигин “Таттыбүбү” гүл бакчасына 19 жыл өмүрүн сарптап, өз эмгеги менен каржылап тургузуп, гүлбакча шаардыктар жана келген меймандар эс алуучу сүймөнчүк жайга айланды. Нурканбек Турсунбаевдин коомдук башталыштагы иш-аракеттери Бишкек шаарынын инфраструктурасынын өнүгүшүнө да өзгөчө салып кошуп олтурат. Ошол ачык асман астындагы театрды элестеткен гүлбакчада, жети жылдан бери жаш акындарды колдоо иретинде демөөрчүлүк кылып, “Таттыбүбү Кыргыз поэзиясында” аттуу кароо- сынак фестивальды өткөрүп, опол тоодой эмгек кылып келүүдө.
Нурканбек Турсунбаевдин көтөргөн демилгелери колдоо таап, жер-жерлерде Таттыбүбү Турсунбаеванын аты менен көчөлөр, коомдук жайлар аталды. Ошондой жайлардын бири Баткен областындагы ысымы ыйгарылган “Таттыбүбү Турсунбаева атындагы Саң-Сарай этнографиялык тарыхый музей коругу”. Ысымы 2014 – жылы ыйгарылып, ошол жерге музей комплекстин түптөө максатында 2018-жылы каржылап пайдубалын баштады. Бекеринен эл арасында: “Бир тууган болоор, бирок, Нурканчалык бир тууган болбостур” -деп бекеринен айтылбаган чыгаар.
2018-жылы бир гана Нурканбек Турсунбаевдин чыгармалары менен 2 жылда 1 жолу өткөрүлүп туруучу Нурканбек Турсунбаевдин “Ыр Толкундары” Эл аралык академиялык вокалисттер сынагы негизделип, 2018-жылы чоң уюшкандыкта өткөрүлдү.
Мындан тышкары, “Нурканбек Турсунбаев атындагы Эл аралык Кайрымдуулук фондун” түзүп, жардамга муктаж жарандарга, чыгармачылык инсандарга көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасап келүүдө. Бир нече жылдан бери ушул фонд аркылуу көп кырдуу жаш талантарды, чыгармачылык жаштарды колдоо иретинде Нурканбек Турсунбаев атындагы Эл аралык сыйлык ыйгарылып келүүдө. Республика боюнча мектептерге да кайрымдуулук иш - чаралар өткөрүлүп, колдоо көрсөтүлүп келүүдөө.
Кыргыз Улуттук Кино, Театр, Цирк, Музыка искусствосуна 73 жылдык талыбас үзүрлүү эмгегин арнап, келечек муунду Кыргыз Улуттук Маданиятына тарбиялоодо, жаштарга интернационалдык тарбия берүүдө өзү салган чыгармачылык изи менен үлгү болуп, өзгөчө салым кошууда. Нурканбек Турсунбаевдин ар улуттун музыкалык аспаптарында эркин ойноп, музыка жаратуудан тышкары, боордош улуттардын көрүнүктүү акын-жазуучуларынын котормолоруна кайрылып, пьесаларынын негизинде коюлган спектакльдерде башкы каармандардын образдарын жаратып келсе, ал эми поэзиясына мукамдуу музыкаларын жаратып, достуктун алтын көпүрөсүн түзүүдө эбегейсиз зор салым кошуп келүдө. Ошондой боордош элдердин бири Казак эли. Нурканбек Турсунбаев өз чыгармачылыгында Абай Кунанбаев, Мухтар Ауэзов, Мукагали Макатаев ж.б. залкар чыгармачылык инсандардын чыгармаларына кайрылып, ал чыгармалар Кыргыз – Казак улуттук Маданиятынын алтын казынасын байыткан чыгармаларга айланып олтурат. Мисалы: Абай Кунанбаевдин “Абайдын сулуусу” аттуу чыгармасы Кыргыз-Казак академиялык вокалисттеринин репертуарындагы сүймөнчүк чыгармасына айланып олтурат. Ал эми Казак элинин залкар лирик классик акыны Мукагали Макатаевдин 50 дөн ашуун котормолоруна музыка жаратып, 2022-жылдын 15-январь күнү “Достуктун тили – Музыка” аттуу иш-чара Мукагали Макатаевдин 90 жылдыгы, Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдык мааракеси жана Кыргыз-Казак дипломатиясынын 30 жылдык юбилейине арналып бир гана Нурканбек Турсунбаевдин Мукагали Макатаевдин ырларына жаралган обондуу чыгармалары менен “Эсиңе мени алаарсың музыкалык поэзия кечеси эң жогорку уюшкандыкта өткөрүлгөнү эң мыкты саамалык болуп олтурат. Мындан тышкары, Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдык мааракесинин алкагында Мухтар Ауэзовдун айтылуу “Эңлик-Кебек” трагедиясы коюлуп, ал спектакльдеги башкы каармандын бири Авыз олуяны эң жогорку деңгээлде жаратып олтурат.
Нурканбек Турсунбаевдин көп тармактуу Кыргыз искусствосуна сиңирген өзгөчө эмгегин эске алып, Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы (режиссер Б.Одуракаев) 2021-жылы “Маэстро Нуркан Турсунбаев” аттуу даректүү тасма тартып, ал тасма кыргыз тилинен орус, түрк, англис тилдерине которулуп, жарыкка чыкты.
Кыргыз республикасынын Эл артисти Нурканбек Турсунбаевдин чыгармачылыгында Кыргыз-Казак элинин искусствосуна, боордош эки элдин достугуна кошкон өзгөчө салымын эске алып, “Казак республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген кайраткери” Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу деп таап, талапкерлигин Казак республикасынын Маданият жана спорт министрлигине сунушталды.
Нурканбек Турсунбаевдин чыгармаларына кызыгуу арттырган жаңы муундун жаш ырчылары атайын “BIG LOVE” аттуу трио мыкты үндүн ээлеринен турган академиялык вокалисттер группасын түзүп, заманбап кавер стилде чыгармаларын англис, түрк, казак, орус тилдерине которуп, аткарып, Дүйнөлүк турнеге кызуу даярдык жүрүп жаткан учуру.
Нурканбек Турсунбаевдин быйыл өткөрүлө турган 85 жылдык мааракесинин, чыгармачылыгынын 73 жылдыгынын алкагында бир топ чыгармачылык чоң долбоорлордун үстүндө даярдыктар болууда. Ушул мааракелик иш-чаралардын алкагында өткөн иш-чаралардын бири “Аппак өрүк” аттуу рубрика менен УТРКнын концерттик студиясында өткөрүлдү. Ал иш-чарада Нурканбек Турсунбаевдин айтылуу залкар акын Камбаралы Бобуловдун поэзиясына жаралган 15 чыгармасы белгилүү опера ырчыларынын аткаруусунда жаңырды. Ошол мааракелик долбоорлордун бири болгон, Түрк элинин көрүнүктүү залкар драматургу Азиз Несиндин “Өлтүрчү мени, жаным!” аттуу комедиясы менен Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын репертуары жаңы спектакль менен толукталып, ал спектаклдеги башкы каармандардын бири Контролерду Нурканбек Турсунбаев аткарып, даярдык көрүлүүдө жана премьерасы 2026-жылдын апрель айында өтө турган Нурканбек Турсунбаевдин чыгармачылыгына арналган Театр жумалыгында болоору долбоорлонууда.
Нурканбек Турсунбаевдин 2 томдук нота китеби, 1 томдук мемуар китеби, 2 томдук поэзия жана драмалар жыйнагы басмадан чыгаар алдында турат.
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти, Кыргыз республикасынын Эл артисти, көптөгөн Эл аралык сыйлыктардын лауреаты Нурканбек Турсунбаевдин Кыргыз улуттук театр, кино, цирк, музыка искусствосуна сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн театрдын көркөм кеңеши жыйынында талкуулап чыгып, Нурканбек Турсунбаевдин талапкерлигин I- даражадагы “Манас” ордени менен сыйланууга татыктуу деп таап, талапкерлигин сунушташты.
Нурканбек Турсунбаев чыгармачылыкта теңдеши жок эмгектин эгедери улуу инсан, турмушунда жөнөкөй, ак көңүл, жан дүйнөсү таза, ак пейил, нарктуу, залкар адам. Бул кишинин өрнөктүү өмүрү жана көп кырдуу чыгармачсылык жолу, өсүп келе жаткан жаштарга чоң үлгү.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү