Салидинов Нурлан Азизович
КР эмгек сиңирген артисти
Туулган күнү: 18 сентября 1974
Туулган жери: Жумгал районунун Жумгал айылы
Өмүр баяны
Салидинов Нурлан Азизович - 1974-жылы 18-сентябрда Жумгал районунун Жумгал айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 1993-1998-ж.ж. Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайын бүтүргөн. Театралдык окуу жайында окуп жүргөндө борборубуздагы №43 балдар бакчасында музыкант болуп иштейт. Эмгек жолун баштаган алгачкы күндөн баштап эле театрдын репертуарындагы бардык спектаклдерге катыша баштаган. Ж.Садыковдун «Айкөл Манасында» Серектин, «Семетейинде» Кыргыл чалдын, «Өмүр жана өкүнүчүндө» Саид молдонун, Жигиттин, «Ормон ханында» Супатай, Түлөкабылдын, «Адам жана Азезилинде» Сабырдын, М.Тойбаевдин «Эрте өчкөн жылдызында» Мергенчинин, Б.Жакиевдин «Жүрөлүчү жүрөк оорутпайында» -башкы каармандын уулунун, Ч.Айтматов, М.Шахановдун «Сократты эскерүү түнүндө» Карачокунун, Ч.Айтматовдун «Чынгызхандын ак булутунда» Жоокердин, Т.Касымбеков, К.Сактановдун «Курманжан даткасында» Жаркынбайдын, К.Акматовдун «Азаттыгым арманымда» -Жылкычынын образдарын сахнага ийгиликтүү алып чыккан.
Ошондой эле белгилүү кыргыз драматургдарынын чыгармаларынан тышкары, дүйнөлүк классикалык драматургиянын, боордош элдердин драматургдарынын чыгармалары боюнча коюлган спектаклдерде да түрдүү амплуадагы, 1-2-пландагы, эпизоддук ролдор менен бирге башкы каармандардын образдарын сахнага алып чыгууга жетишкен. У.Шекспирдин «Антоний менен Клеопатрасында» Скардын, Энобарптын, А.Шницлердин «Сүйүү айлантмасында» Солдаттын, Бизнесмендин, О.Уайлңддын «Жылдыздуу баласында» Маскарапоздун, Каракчынын, «Соломеясында» Тигеллиндин, Юджин О Нилдин «Дарак түбүндөгү махабатында» Кары фермердин, Н.Хикметтин «Унутулган адамында» Спортсмендин, Э.Ионесконун «Макбетинде» -Музыканттын, Р.Оторбаевдин «Тагдырында» Боз өпкө жигиттин, Т.Теменовдун «Алма багында» Рэкетирдин, М.Булгаковдун «Зойканын квартирасында Бейтааныш жигиттин, Ч.Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” спектаклинде Казангаптын, “Саманчынын жолу” спектаклинде Субанкулдун, А.Темирванын “Улуу Бхаратанын урпактарында” Ютхиштхира, Б.Чотурованын “Рамаяна” спектаклинде Жанака хандын, Н.Коляда “Шанель айым” спектаклинде А.Абазовичтин, К.Иманалиев “Керээз” спектаклинде Мойт, Тилекмат акелердин, Э.Эфендиевдин “Рахмат, сага Шекспир” спекаклинде Сталиндин образдары ж.б. спектаклдердеги ролдору менен көрүүчүлөргө таанылып, актердук чеберчилиги өстү. 2020-жылы орус классикасынан Ф.М.Достоевскийдин “Кылмыш жана жаза” романынын негизинде сахналаштырылган “Мармеладовдор” спектаклинин башкы каарманы Мармеладовдун, Ж.Садыков “Төлгө” спектаклинде Бакайдын , А.Чеховдун “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” спектаклинде Семен, Мужук, ашпозчунун, Б. Жакиев "Атанын тагдыры" - Акылбектин образын жаратып, театр таануучуларынын жогорку баасына татыды.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү