Кыдырмышев Арнис Абдрахманович
Туулган күнү: 12 июня 1982
Туулган жери: Түп районунун Долон айылы
Өмүр баяны
Кыдырмышев Арнис Абдрахманович
Ысык-Көл областынын Түп районунун Долон айылында 12.06.1982 –жылы туулган.
Билими – Жогорку
- 2002-жылы Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайын, ”Улуттук аспаптар” бөлүмүн аяктаган.
- 2007-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун “Актерлук чеберчилик” дипломун алган.
- 2002-2010-жылдары А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында актер жана режиссердун ассистенти болуп иштеген.
Ал эми 2010-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында актердук жана режиссер кызматында эмгектенет.
2011-жылдан тарта Т . Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайда “Актерлук чеберчилик” сабагы боюнча ага окутуучу болуп эмгектенет.
Катышкан Эл аралык фестивалдары жана СЫЙЛЫКТАРЫ
- Бишкекте уюштурулган «Нооруз» фестивалында “Эсимде” спектакли менен Гран-Прини;
- 3- «Арт-Ордо» Эл аралык театралдык фестивалында “Эсимде” спектакли менен Гран-Прини жеңип алган.
- 2005-жылы “Тынчтык үчүн” аттуу Эл аралык 2-искусство фестивалы
- 2006-жылы Астана шаарында өткөн “Халк аралык” театралдык фестивалында “Мир мгновений” спектакли;
- 2009-жылы Нооруз майрамына карата Казань шаарында өткөн Түрк элдеринин театралдык фестивалында
- 2009-жылы Бишкек шаарынын мэринин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
- 2008-жылы Абакан шаарында өткөн “Чир-чайосан” эколого-этникалык эл аралык театралдык фестивалында “Карагул ботом” спектакли;
2024-ж “ Жас –Арт -2024 “5 Эл аралык студенттер арасындагы театр фестивалына үзүрлүү салым кошкондугу учун алкыш кат менен сыйланды
2024-жылы Астана шаарында өткөн “Театралл -3” Эл аралык театр фестивалында “Жесир” спектакли менен “Эң Мыкты Режиссер” номинациясынын ээси.
2024-жылы А.Чеховдун “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” спектакли менен “Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы учун” Улуттук “Эргүү” сыйлыгынын ээси
2023-жылы КР АРДАК ГРАМОТАСЫНЫН ЭЭСИ
2025-жылы “Эр Төштүк” спектаклинин режиссеру катары “ Эң мыкты дебют “ номициясынын Улуттук “Эргүү” сыйлыгынын жеңүүчүсү.
2025-жылы “Эң мыкты режиссердук дебюту учүн “ АЛМАЗ САРЛЫКБЕКОВ” атындагы сыйлыктын ээси .
Ойногон ролдору:
- Б.Парманов “Я к вам лечу воспоминаниям” – Золотой мальчик
- Андерсен “Гадкий утёнок” – Петух, Гусь, Карл
- Д.Киносито “Каркыранын канаты” – Иохио
- Ю.Юлдашев “Чураки” - Насирдин
- Б.Парманов, А.Попеску “Солнечный лучик” – Муф
- Б.Парманов “Солнечный человек” – А.Өмүралиев
- Р.Киплинг “Любопытный слонёнок” – слонёнок
- М.Ладо “Очень простая история” – Крипыш
- А.Зинчук “Дүйнө ирмем” – Шакал
- Б.Парманов “Театральные ступени” – студент
- Ч.Айтматов “Саманчынын жолу” – Жайнак
- А.Амир “Наваждение” – Кара
- М.Карим “Жөө Махмуд” – Махмуд
- Элдик “Карагул ботом” – Карагул
- Ж.Көчөрбаева “Хлеб и Собака” – Собака
- Л.Хюбнер “Куру Намыс” – Синан
- Ж.Садыков “Манстын уулу Семетей” – бала
- Р.Оторбаев – “Тагдыр” – Жалкытай
- А.Темирова “Сынык асман” – Арбак
- А.Абдыгулова “Бурулча” – Керим
- Н.В.Гоголь “Үйлөнүү” – Кочкарёв
- Н.Мендебаиров “Сон в зимнюю ночь” – Мальчик
- М.Козукеев “Закалдованный трон” – Хаким
- Ш.Садыбакасов “Ак боз ат” - Ирбис
- Б.Калчабаева “Баяндуу махабат” – Жигит
- Б.Брехт “Өлөрман эне жана анын балдары” – Фельдфебель
- Н.Коляда “Назиктик” – Натальянын күйөөсү
- Н.Коляда “Прикючение Макса” – Мактанчаак
- С.Мрожек “Эмигранттар” – ассистент режиссёр
- Т.Абдумомунов “Абийир кечирбейт” – Ырчы бала
- Ф.Дюренмат “Картаң айымдын келиши” – Дин кызматчысы
- Б.Чотурова “Тумар Ханыша” – Хусрау
- К.Иманалиев “Коркут ата” – Көпөс
- Т.Абдумомунов “Адам жана азезил” – Ханназ
- Ч.Айтматов “Чынгызхандын ак булуту” – Арасан
- А.Жапаров “Эки элдин достугу” – бузуку
- А.Несин “Торостук зөөкүр” – Зыячелекчи
- Б.Жакиев “Көздөн учкан Ата-Журт” – Кызылчок
- Т.Касымбеков “Курманжан датка” – Шадынак
- М.Байжиев “Алтынчы кунү кечинде”- Бопуш
- Ж.Садыков “Төлгө” - Абыке
- Ч.Айтматов “Саманчынын жолу” - Кабарчы
- М. Ауезов “Еңлик –Кебек -оорукчан бала
- С.Раев “Оо кыздар” - мас жигит
- Ш.Башбеков “Темир аял” - Субан молдо
- А.Чехов “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” - Очумелов
- И.Дельмар “Эртеңкиге ордуңду бошот” - куйөө бала
- Ч. Айтматов “Ашуу” - Жантай
- М.Горький “Түпкүрдө” - Костылев
- Т. Актанов “Тагай бий” - Токо Бий
- М.Карим “Ай тутулган түндө” - Думана
- “Адилеттик издеген рыцар” - Санчо
- У. Карыпбаев “Эне” -Искендер
- Арт Ройе “Атанын дүнүйөсү” - Жак
- Т.Габбэ “Альманзордун шакектери” – Флюгерио
- У. Шекспир “Отелло” - Яго
Кинодогу ролдору
- Жаңырык – Максат
- М.Ж. Поншивили “Тенгри” – Алкаш
- Р.Машрапов “Эдем алмасы” – Арнис
- С.Откеев “Мегатой” – Таке
- С.Откеев “Сен эмне кылмаксың?” – Бота
- Т.Бирназаров “Баарын кайрадан баштайлы” – Болот
- Б.Осмонканов “Напарниктер” – Бомж
- “Данакер ата” – досу
- Э.Аскарбеков “Күйөө жолдош” - Арнис
- Э.Аскарбеков Таксыр” - Периште
- Р.Эшимов “Особняк -1,2” - Мирбек
- Э.Таалайбеков “Супер кудалар”- Тууганы
- Э.Таалайбеков “Талаш”- кошуна
- А.Казакбаев “ Кандай анан Күйөө бала” - Досу
- А.Казакбаев “Эки жаш” -Эркин
- Р.Эшимов “Суйүнчү” - Кыргызбай
- Р.Эшимов “Акча” (сериал) - тамада
- “Папа с прицепом” - Хозяин
- И. Кубатбеков “Папаша” -папа
- И.Кубатбеков “Апакай Күйөө бала-1-2” - досу
- С.Тургунмамат уулу “Керексиң” - шеф повар
- А. Рыскелдиев Базар жок” - Милициянын начальниги
- А.Рыскелдиев “Эгиз” - кошуна
- Р.Эшимов “Кошуналар”(сериал) - Кошуна
- Т.Эркинбеков “Махабатым” – Нурлан
- А.Казакбаев “Окен аба” – Физрук
Режиссерлук кылып койгон спектаклдери:
- 2024-жылы Жалил Садыков “Эр Төштүк” спектакли
- 2024-жылы Роза Муканова “Жесир”
- 2026-жылы Бексултан Жакиев “Атанын тагдыры”
Билимин жогорулатуу ПРОГРАММАЛАРЫ :
- Повышение квалификации по программе “Теория и практика профессионального образования” с 14.01.2019 по 25.01.2019 года город Бишкек
- Повышение квалификации по программе “Методологические аспекты преподавания мастерства актера” с 7.12.2024 по 11.12.2024 . город Москва ГИТИС
- Повышение квалификации по программе “ ВФТМ КЫРГЫЗСТАН театральный менеджер, менеджмент” с 1.06.2024 по 5.06.2024 . Руководитель ВФТМ Заслуженный работник культуры РФ К.И. Крок
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү