Кучербаева Гулмира Жоробековна
КР эмгек сиңирген артисти
Туулган күнү: 10 февраля 1959
Туулган жери: Чүй областы, Панфилов району, Кум-Арык айылы
Өмүр баяны
Кучербаева Гулмира Жоробековна:
10.02.1959-ж Чүй областы, Панфилов району, Кум-Арык айылында төрөлгөн
- 1976-78-жылдары Театралдык окуу жайын бутургон.
- 1978-83-жылдары Москва шаарындагы А. В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык институтунун театралдык факультетинин актердук болумун аяктаган.
- 1983-жылы А. В. Луначарский атындагы театралдык институтун аяктагандан кийин, профессионал артист катары эмгек жолун, Ысык-кол облустук К. Жантошов атындагы театрында актриса болуп иштеп баштаган.
Аталган театрдын сахнасында :
• У. Шекспирдин “Ромео менен Джульеттасында” – леди Капулетти,
• Бомаршенин “Фигаронун уйлонуусундо” – Марселина,
• Н. Гогольдун “Уйлонуусундо” – Жуучу (башкы каарман),
• Кондратьевдин “Жаралануудан кийинки отпуск” – Тоня (башкы каарман),
• О. Айдаровдун “Ношордон кийинки элес” – Таажы (башкы каарман),
• М. Гапаровдун “Чагылгандын огу” – Аял (башкы каарман),
• А. Осмоновдун “Бир аялдын амалы кырк эшекке жук болот” – Аял (баашкы каарман),
• Т. Абдумомуновдун “Карагул ботомунда” – Мергенчинин аялы (башкы каарман),
• М. Тойбаев “Жаны келин” – Орус кудагый
• Б. Калчабаева “Мен суйгон обон” – Зукеш
• Ж. Осмонов «Уч кемпир» - кемпирдин бири (башкы каарман)
• Т. Абдумомуновдун “Машырбек уйлонотундо” – Упайна,
жана башка коптогон бири биринен айырмаланып турган образдарды жаратты. Мыкты жараткан образдарды учун Республикалык театралдык фестивалдарында дипломдорго жана акчалай сыйлыктарга ээ болуп келген.
Г. Кучербаева “Кыргызфильм” киностудиясында:
• Б. Карагуловдун “Бороондуу бекет” – Айзада,
• Б. Карагуловдун “Саманчынын жолунда” – Аял,
• Г. Базаров “Аномалия” – Гулжан,
• Г. Базаровдун “Нонсенс” телефильминде – Чиновниктин аялы,
• Б. Осмонкановдун “Напарниктер” корком тасмасында – Кайын Эне,
• Р. Акундун “Апамды издеп” (В поисках мамы) корком тасмасында –Асия Керимбековнанын (Директор Детского дома) образдарын ийгиликтуу денгээлде жараткан.
Г. Кучербаева актриса катары гана эмес, уюштуруучулук талатка да ээ болгондуктан 1998-жылдан 2014-жылга чейин Республикалык Жаштар театрында жана Кыргыз драма театрында башкы администратор жана директордун орун басары болуп иштеп, кыргыз театрлары кризистик абалда турган оор мезгилде театрларга кыргыз коруучулорун тартууга зор комок корсотуп келди. Бул эмгектери учун коптогон алкыштарга жана акчалай сыйлыктарга ээ болуп келген.
Ал 2010-жылдан баштап Кыргыз Улуттук драма театрында актердук кесипти да аркалап келет жана кыска мооноттун ичинде:
• А. Чеховдун “Маараке той” спектаклинде – Мерчуткина (башкы каарман),
• Н. Гоголь “Уйлонуу” спектаклинде – Фёкла (башкы каарман),
• Т. Абдумомунов “Абийир кечирбейт” спектаклинде – Айша,
• С. Ахмад “Куйоо бала” спекталинде башкарма аял – Зебиниса,
• Н. Гоголь “Текшеруучу” спектаклинде – Анна Андреевна(негизги каарман),
• Ф. Дюренматтын “Картан айымдын келиши” – Гюллендик аял,
• М. Гапаровдун “Кызганчаак аялдарын кечинде” спектаклинде – Мадина ,
• Ф. Буляков “Бакбергендин балпайган бактысы” – Анипа,
• Э. Леман “Ветсайд окуясы” – Айым Лючия,
• У. Шекспир “Макбет” – Геката (Мастандардын башчысы),
• У. Шекспир “Макбет” – Кызматчы аял ролунда,
• Ж. Кулманбетов “Алаамат келген кун” – Козу ачык аялдын образдарын жогорку чеберчиликте жаратты,
Г. Кучербаева озун педагогика жаатында да корсотуп, жаш актерлорго сабак берип, актерлук чеберчиликтин сырларын үйрөтүүдө бир топ жетишкендиктерге ээ болду.
Г. Кучербаева Кыргыз театралдык искусствосунда озунун калтырган изи, айттар созу, кыргыз элинин азамат кызы катары позициясы бар инсан. Анын кыргыз театр жана кино искусствосунда жараткан эмгеги чон, маданият тармагындагы менеджер, чыгармачылык интеллектуалдык потенциалы жогору жана коп кырдуу.
Кыргыз Улуутук театр искусствосуна синирген эмгеги жана кадр тарбиялоодогу кызматы учун Г. Кучербаева 2010 – жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” тош белгисин алган,
2015 – жылы, октябрь айы А. Осмоновдун 100 жылдык мааракесинде карата проекти иштеп чыгып, Туркияда откон эл аралык Турксой уюму тарабынан уюштурулган иш-чаранын катышуучусу диплому менен сыйланган.
2015-жылынын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Окмотунун Ардак Грамотасы менен сыйланган.
2021 31.12. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардак наамы
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү