Көчөрбаева Жипариса Абдыкадыровна

Көчөрбаева Жипариса Абдыкадыровна

КР эл артисти

Туулган күнү: 5 сентября 1958

Туулган жери: Чүй обл. Панфилов р. Букара айылы

Өмүр баяны

Көчөрбаева Жипариса Абдыкадыровна Чүй обл. Панфилов р. Букара айылында  1958 – жылы  5 – сентябрында  төрөлгөн. 

 

1981-жылы Алматыдагы театралдык – көркөм-сүрөт институтунун театралдык факультетинин актердук бөлүмүн СССРдин Эл артисти Хадиша Букеева жана Казак ССРинин Эл артисти Нурмухан Жантуриндин курсунда –  артыкчылык диплому менен аяктаган. 

 

Ж. Көчөрбаева өзүнүн чыгармачылык  жолун 1981-жылы Ош областтык Кыргыз драма театрында актриса болуп иштеп баштаган. 

1982– жылдан  бери  Т. Абдумомунов  атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын артисти.  Продюсер, котормочу, сценарист.

 

Сыйлыктары:

1995- ж.  «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамына ээ болгон.

2017-ж.  КР Президентинин баалуу белеги «Алтын саат» менен сыйланган.

 

2022-ж. Түрк тилдүү элдеринин маданиятына сиңирген эмгеги үчүн  Түрксойдун «Күмүш символу» сыйлыгына татыктуу болду.

 

2022-ж. «КР Эл артисти» ардактуу наамына ээ болгон.

 

2022-ж.  М. Ауэзовдун «Эңлик Кебек» пьесасын кыргыз тилине которгондугу үчүн М. Ауэзовдун «Алтын медалы» менен сыйланды.

 

2022-ж. Казак тилинен кыргыз тилине которгон эмгектери үчүн Казакстандын Театр Ишмерлер Союзунун «Урмат Диплому» менен сыйланган.

 

2024-ж. Түрк тилдүү элдеринин маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Түрксойдун «Алтын медалы» жана Диплому менен сыйланган.

 

Иш тажырыйбасы:

 

2001-ж. «Акайын» Жаш таланттарды колдоо жана улуттук искусствону өнүктүрүү»  коомдук фондун негиздеп түзгөн, директору.

 

2004-ж.  «Акайын»  коомдук фондунун алдында түзүлгөн  «Бишкектин Жашыл театры» аттуу көчө театрын негиздеген, директору.

 

2007-жылдан бери  Борбордук Азия көчө театрларынын  Бишкек шаарында өткөрүлгөн  I - II жана III Эл  аралык  көчө театрларынын фестивалдарынын  (2007ж., 2010ж., 2012ж.)  уюштуруучу директору.

2002-ж.  Эл аралык фестиваль «Мальта», (Польша. Познань ш.) «Жайкы театралдык акциясына» катышып (Польша. Варшава ш.),  көчө театрлары  жана продюсердик иши боюнча стажировкадан  өткөн. 

 

2005-ж.   IREX Программасы боюнча стажировка  «Коомдук байланыштар»: арт-менеджмент боюнча тренинг-курс, (АКШ, Чикаго ш.) стажировкадан өткөн.                   

 

Көчөрбаева    Жипарисанын  табигый  талантына лирикалык – романтикалуу, ошондой эле курч мүнөздөгү образдар менен  бирдикте,  комедия жанрындагы   каармандардын образдары  да мүнөздүү.  Анын кыргыз  театрынын сахнасында  жараткан образдары  ички  драматизми жана  инсандык  максималдуулугу  менен айырмаланып  турат.  Ж. Көчөрбаева  өзүнүн чыгармачылык  жолунда  кыргыз жана  дүйнөлүк драматургиянын  классикалык үлгүлөрү  болгон  чыгармаларда – көркөмдүк деңгээли көрүүчүлөрдүн  эсинде  калаарлык көптөгөн образдарды  өзгөчө чеберчилик  менен  жарата алды.

 

Ж.  Көчөрбаеванын жараткан  негизги  образдары:

 

Жаркын   –   «Жаңыл Мырза»   –  ав. К. Маликов.

Мундук    –    «Чоң эненин жомогу»   – ав.  Ш. Шаршеев

Эркайым   –  «Алдар Көcөө»  – ав.Т. Абдумомунов

Зулайка    –    «Кожожаш»  –  ав.М. Байжиев

Каныкей   –    «Биздин үйдүн Карлсону»  – ав. М. Гапаров

Лаззат   –      «Алда жаш жубайлар-ай!»   –  ав. М. Касенов

Мехри – «Келиндер козголоңу» – ав. Саид Ахмад.

Дүрдана    –   «Уркуя»  –  Н. Байтемиров

Аня    –          «Алчалуу бак» –  ав.  А. Чехов

Зубаржат   –  «Ай тутулган түндө»  –   ав.М. Карим

Валя  –           «Жаш гвардия»   –   ав. А. Фадеев

Эмил     –        «Тагдырдын өгөй балдары»  –   ав. Б. Омуралиев

Бермет   –         «Тагдырдын өгөй балдары»   –  ав. Б. Омуралиев

Ашык кыз    –  «Автобус» –    ав. В. Стратиев

Бугу Эне    –    «Ак кеме» –   ав. Ч. Айтматов

Рода     –          «Эртеңкиге  ордуңду  бошот» –   ав.  В. Дельмар

Байсалова  –     «Тартыш» –   М. Элебаев

Кошокчу     –    «Кагылайын Манасым»  –  ав. Ж. Кулманбетов

Каринф  аялы  –  «Медея»  – ав.  Еврипид

Вера         –     «Акыркы кирген адам» –  ав. В. Дозорцев

Анар      –          «Жаңыл Мырза»  –    ав. Э. Эрматов

Адолат    –      «Темир аял»  –  ав. Ш. Башбеков

Колукту     –       «Кандуу той»  –   ав.  Г. Лорка

Асия         –   «Бар үмүтүм сенде, Сафия Булан  –  ав. М. Гапаров

Офелия   –       «Гамлет» –   ав. В. Шекспир

Дездемона    –  «Он экинчи түн»  –   ав. М. Байжиев

Бланш   –    «Эңсөө» Трамвайы»   –   ав. Т. Уильямс

Аял       –       «Адамдын үнү» моноспектакл  –  ав.  Ж. Кокто

Ойсеке   –      «Сүйүү айлантмасы»   –   ав.  А. Шницлер                   

Министирдин аялы  –   «Сүйүү айлантмасы»  –   ав. А. Шницлер                   

Журналистка  –     «Кош жылдыз» –  ав. Ж. Кулманбетов

Эркайым     –    «Куурчакты өлтүргүлө…»   –  ав.  М. Гапаров

Зумрад       –   «Күйөө бала»    –   ав.  С. Ахмад

Эне        –   «Унутулган адам»   –    ав.Н. Хикмет

Карагулдун апасы  –  «Карагул ботом»  –  Элдик поэма

Эне    –     «Нан  менен  Ит»  –    Кыргыз эл жомогу

Иванова     –    «Текшерүүчү»    –  ав. Н. Гоголь

Гюллендик аял   –  «Картаң айымдын келиши»  – ав. Ф. Дюренматт

Марипа  –  «Бакбергендин балпайган бактысы»  –  ав. Ф. Буляков        

Эне   –  «Бейтааныш»   –  ав. Т. Джудженоглу

Мантхара  –   «Рамаяна»    –  Индия  эпосу

Эрди-Катын   –  «Рахмат  сага,  Шекспир» – ав.Э. Эфендиев

Катерина Ивановна – «Мармеладовдор»   − ав.Ф. Достоевский

Графтын энеси – «Адилеттик издеген Рыцарь» –     ав. Асылбек  Ихсан

Мария Хосефа – «Бернардо Альбанын үйү» –   ав. Гарсиа Лорка

Актриса – «Былтыркы кар кайда?..»    –    ав. М. Гапаров, Г. Гапарова  ж.б.

 

Телеспектаклдердеги ролдору:

 

Ио  – «Рудольфио»  –  В. Распутин

Наташа  –  «Саманта»   –  А. Рыскулов

Эркеайым  –   «Темир корук» – М. Гапаров

Кумар  –  «Кар алдындагы алчалар» – М. Гапаров

                 

Кино ролдору:

Асыл – «Сошлись дороги» – «Кыргызфильм»  –   реж. А. Суюндуков

Каралуу аял  – «Бетме бет»  – «Кыргызфильм»  –  реж. Б. Карагулов

Сайра    –  «Белгисиз маршрут» –   реж. Т. Бирназаров

Акылай  –  «Сезимде калган издер» –  реж. М. Мамбетов             

 

Режиссердук иштери:

 

1994-ж. «Актриса» Т. Турсунбаеванын 50 жылдык юбилейине карата –  сценарийдин автору.

1995-ж.  «Алыкул» А. Осмоновдун 80 жылдык юбилейине карата – сценарийдин  автору жана  сорежиссеру.

2013-ж. С. Жамановдун 100 жылдык юбилейине карата –  «Эсиңе мени алаарсың..» – сценарийдин автору, режиссеру.

2016-ж.  «Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын  90 жылдыгы»  – сценарийдин  автору.

2019-ж. Т. Турсунбаеванын 75 жылдык юбилейине карата –  сценарийдин автору, режиссеру.

2024-ж. «Акын К. Тажиеванын  поэзия  кечеси» – сценарийдин автору, режиссеру.

 

Продюсердик иштери:

 

Сп. «Адамдын үнү» – КМАДТ

Сп. «Кандуу той» – Ч. Айтматов театры

Сп. «Бар үмүтүм сенде, Сафия Булан» – КМАДТ

Сп.  «Эңсөө «Трамвайы» – КМАДТ

Сп. «Сүйүү айлантмасы» –  КУАДТ

Сп. «Куурчакты өлтүргүлө» – КМАДТ

Сп. «Күтөм сени, сүйгөнүм!» – КМАДТ

Сп. «Карагул ботом» – Бишкектин Жашыл театры 

Сп. «Нан менен  Ит»  – Бишкектин Жашыл театры

Сп. «Былтыркы кар кайда?..»  – Бишкектин Жашыл театры

 

 

Актердук сыйлыктары:

 

Республикалык театр фестивалы  «Нооруз-93» сп. «Бар  үмүтүм  сенде, Сафия Булан»  (авт. М. Гапаров, Г. Гапарова)  –  Т. Турсунбаева атындагы сыйлык – Асиянын ролу.

 Республикалык театр фестивалы  «Нооруз-95»  –  сп. «Адамдын үнү»  (авт. Ж. Кокто)  – Гран-при «Аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн» – Аялдын ролу.

Республикалык театр фестивалы  «Нооруз-97» –  сп. «Кандуу той» (авт. Г. Лорка)  – «Жылдын мыкты продюсери»

 Эл аралык театр фестивалы  «Нооруз-2000» – сп. «Эңсөө «Трамвайы» (авт. Т. Уильямс)  –  Гран-при «Аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн»  –Бланштын ролу.

2017-ж.  Республикалык театр фестивалы сп. «Бакбергендин балпайган бактысы» (авт. Ф. Буляков)  –  Улуттук «Эргүү» сыйлыгы  – «Актердук мыкты ансамбль үчүн»  – Марипанын ролу.

 

Котормолору:  

Орус тилинен  кыргыз  тилине которулган пьесалар:

   

1.«Сүйүү айлантмасы»   –    А. Шницлер

2.«Күтөм сени, сүйгөнүм!»  –  Ф. Раме. Д. Фо

3.«Куурчакты өлтүргүлө…»  –  М. Гапаров, Г. Гапарова

4.«Филумена Мартурано»  –   Эдуардо де Филиппо 

5.«Бейтааныш»  –  Т. Джудженоглу

6.«Мемиреген  түн» –  Гаральд Мюллер

7. «Мармеладовдор» −  Ф. Достоевский

8. «Кичинекей  адамдын чоң трагедиясы» –  А.Чехов

9. «Былтыркы кар кайда?..»  –  М. Гапаров, Г. Гапарова

 

Казак тилинен  кыргыз  тилине которулган пьесалар:

1. «Күзгү романс»  –  Асылбек уулу Серик

2.«Эңлик-Кебек» – М. Ауэзов

3.«Татынакай келинчек»  –  С. Балгабаев

 

Казак  тилинен кыргыз тилине которулган ырлар жыйнагы:

«Эсиңе мени алаарсың»   –  М. Макатаев

 

Даректүү тасмалар:

 

2023-ж.  Даректүү  тасма «Сыдыке»  ( Сыдыкбек Жаманов)  – «Кыргызфильм»  киностудиясы – сценарийдин соавтору.

 

2024-ж.   Даректүү тасма  « Н. Алымбековдун 80 жылдык юбилейине карата» –  «Кыргызфильм» киностудиясы  – сценарийдин соавтору.

 

2026-ж.  Даректүү тасма   «Доктор Асанкул Көчөрбаев» – «Беш –Таш» кинокомпаниясы – сценарийдин автору жана продюсери.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Көчөрбаева Жипариса Абдыкадыровна — фото 1
Көчөрбаева Жипариса Абдыкадыровна — фото 2
Көчөрбаева Жипариса Абдыкадыровна — фото 3
Көчөрбаева Жипариса Абдыкадыровна — фото 4