Каниметова Гүлайым Кызайбаевна

Каниметова Гүлайым Кызайбаевна

КР эл артисти

Туулган жери: Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тасма айылы

Өмүр баяны

Каниметова Кулайым Кызайбаевна. 

06.05.1949-ж. Ысык-Көл областынын Түп районунун Тасма айылында төрөлгөн. 

1965-1967-ж.ж. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда вокал бөлүмүндө окуган. 

1967-1972-ж.ж. А.В.Луначарский атындагы театралдык окуу жайды – ГИТИСте окуган. 

1971-ж. ГДРга чыгармачылык жолдомо менен барган. 

1972-ж. Прибалтиканын Рига шаарына жаш актерлордун конференциясына катышкан. 

1972-1992-ж.ж. Ош драмтеатрында жогорку категориядагы артист болуп иштеген. 

1978-ж. Москва шаарында отчеттук декадага активдүү катышкан жана «Эмгек сиңирген артист» наамын алган. 

1986-ж. «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиуму тарабынан.

 1988-ж. Молдавада өткөн «И.Друце жанан азыркы театр» аттуу бүткүл союздук фестивалга катышкан. 

1989-ж. Н.Лесковдун «Мценск уездинин леди Макбети» спектаклинде Катерина Измайлованы эң мыкты аткарганы үчүн М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон жана «Нооруз-89» регионалдык театралдык фестивалында Гран-Прини жеңип алган. 

1991-ж. Кыргыз Республикасынын «Эл артисти» наамын алган. 1995-ж. «Манас-1000» эстелик медалына ээ болгон. 

2000-ж. Оштун 3000 жылдыгына карата «Курманжан Датка» спектаклинде Курманжан Датканы аткарып Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган. 

2002-ж. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Курманжан датканын ролу үчүн.

 2008-ж. Эл аралык Ч.Айтматов тындагы сыйлыктын лауреаты. Ч.Айтматов «Саманчынын жолу» повести боюнча инсценировкаланган «Эсимде» -Толгонайдын ролу үчүн. 

2008-ж. эл агартуунун отличниги. 

2012-ж. III даражадагы Манас ордени 

2022-ж. Турксой Эл аралык уюмунун Айтматов медалы 

 

Кыргыз улуттук драмтеарында ойногон ролдору: 

  1. В. Шекспир «Гамлет» — Гертруда
  2. М. Байжиев «Байыркы жомок» — Сур эчки
  3. Ж. Садыков «Адам жана Азезил» — Азезил
  4. Ч. Айтматов «Сократты эскерүү түнү» — Айдай
  5. М. Тойбаев «Эрте өчкөн жылдыз» — Салтанатхан
  6. Т. Абдумомунов «Машырбек үйлөнөт» — Зийнат Бекеевна
  7. Ж. Садыков «Шабдан баатыр» — Аял
  8. Т. Касымбеков К. Сактанов «Курманжан Датка» — Курманжан Датка
  9. Ж. Садыков «Ормон хан» — Кара кийген аял
  10. М. Карим «Ай тутулган түндө» — Тангабийке
  11. Б. Жакиев «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» — Күлкүчү кемпир
  12. С. Ахмад «Күйөө бала» — Зебиниса
  13. Б. Калчабаева «Баяндуу махабат» — Уулкан
  14. Н. Хикмет «Унутулган адам» — Эне

1972-жылдан 2002-жылга чейин ойногон ролдору:

  1. А. Чехов «Ак-Чардак» — Нина Заречная
  2. К. Симонов «Биздин шаардык жигит» — Варя
  3. М. Горький «Акыркылар» — г-жа Соколова
  4. К. Гоцца «Жашыл чымчык» — Тартальона
  5. А. Дыйканбаев «Мүрөктүн суусу» — Шербет
  6. Ж. Мольер «Дворяндыкты эңсеген көпөс» — г-жа Журден
  7. А. Токомбаев «Күндүн чыгышы» — Вера
  8. Б. Өмүралиев «Жаңырык» — Дарийка
  9. Т. Абдумомунов «Эч кимге айтпа» — Чиймекаш
  10. Н. Думбадзе «Кам санаба апаке» — Дадуна
  11. Т. Сыдыкбеков «Биздин замандын кишилери» — Акия
  12. Сафронов «Замандашым» — Роза
  13. Ч. Айтматов «Ак кеме» — Кемпир
  14. Касумов «Жомок башы» — Таира
  15. А. С. Пушкин «Маленькая трагедия» — Цыганка
  16. Б. Жакиев «Эртең жаңы жыл» — Тамара
  17. Б. Жакиев «Жолугушу» — Официантка
  18. Б. Жакиев «Күттүргөн жаз да келди» — Зейнеп
  19. М. Горький «Түпкүрдө» — Настя
  20. Горин «Геростраттын оту өчсүн» — Климентина
  21. Б. Өмүралиев «Сел» — Башкарма
  22. М. Байжиев «Байыркы жомок» — Сур эчки
  23. М. Ауэзов «Кара көз» — Каракөз
  24. М. Сейталиев «Бегайым» — Бегайым
  25. Ч. Айтматов «Бетме-бет» — Сейде
  26. Ч. Айтматов «Фудзиямдагы кадыр түн» — Алмагүл
  27. Ч. Айтматов «Найман эне» — Найман эне
  28. Т. Абдумомунов «Алдар көсөө» — Делбирим
  29. Ч. Айтматов «Делбирим» — Асель
  30. Гарсия Лорки «Сапатеритта» — Сапатеритта
  31. М. Гапаров «Кадыр түн» — Баси
  32. М. Гапаров «Туздуу чөл» — Айганыш
  33. М. Гапаров «Аялдар деңизи» — Каухар
  34. А. Дыйканбаев «Жазайым» — Келин
  35. Сафронов «III поколение» — Ордынцева
  36. Н. Островский «Болот кантип курчуду» — Рита Устинова
  37. Т. Абдумомунов «Ашыртай» — Калийча
  38. Ч. Айтматов «Т. Бакасов» — Токол
  39. Ж. Садыков «Эр Төштүк» — Жез кемпир
  40. Н. Байтемиров «Баланын бары да балээ, жогу да балээ» — Батма
  41. Мирошниченко «Үчүнчү муун» — Хелена
  42. М. Карим «Жоо Махмуд» — Замзагүл
  43. И. Друце «Ыйыктын ыйыгы» — Мария
  44. В. Шекспир «Отелло» — Эмилия
  45. В. Шекспир «Ричард III» — Елизавета
  46. К. Маликов «Жаңыл Мырза» — Жаңыл Мырза
  47. В. Шекспир «Гамлет» — Гертруда
  48. А. Абдулин «13-председатель» — Кадрия
  49. Н. Экзюпери «Маленький принц» — Тусеку
  50. Эстон жомогу — Алып баруучу
  51. Барпы ырчы — Келин
  52. А. Абдугафуров «Ар намысты коргоо» — Башаратхон
  53. Буларкиев «Эненин жүрөгү» — Эне
  54. Вампилов «Тун уул» — Макарская
  55. К. Жантошев «Каныбек» — Анархан
  56. М. Байжиев «Акыркы сапар» — Кемпир
  57. М. Сейталиев «Кайчы жолдор» — Сагыйпа
  58. С. Михалков «Үч торопой» — Карышкыр
  59. М. Мамазаиров «Наристеге арналган гүлдесте» — Нуракова
  60. Б. Жакиев «Күлгөндүн билгени бар» — Кыз
  61. Ш. Абдраманов «Токуучулар» — Каримова
  62. Горин «Тирүүлөй өлүк» — Нина
  63. Н. Лесков «Мценск аймагындагы леди Макбет» — Катерина
  64. Ж. Садыков «Адам жана Азезил» — Азезил
  65. Т. Абдумомунов «Жыгылган оогонго күлөт» — Чүкөдөй
  66. Т. Абдумомунов «Машырбек үйлөнөт» — Зийнат
  67. М. Тойбаев «Эрте өчкөн жылдыз» — Салтанатхан Юсупова
  68. Ж. Садыков «Шабдан баатыр» — Аял
  69. Ч. Айтматов «Сократты Эскерүү түнү» — Айдай
  70. Ж. Өзүбекова «Толгоо» — Эне Т. Касымбеков
  71. К. Сактанов «Курманжан Датка» — Курманжан Датка
  72. Ж. Садыков «Ормон хан» — Кара кийген аял
  73. М. Карим «Ай тутулган түндө» — Тангабийке
  74. Н. Хикмет «Унутулган адам» — Эне
  75. Б. Жакиев «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» — Күлкүчү кемпир
  76. С. Ахмад «Күйөө бала» — Зебиниса
  77. Ч. Айтматов «Эсимде» — Толгонай
  78. Б. Брехт «Өлөрман эне жана анын балдары» — Эне
  79. Ф. Дюренматт «Картаң айымдын келиши» — Клара Цаханассьян
  80. Ж. Садыков «Төлгө» — Чыйырды
  81. Т. Абдумомунов «Карагул ботом» — Шаа мүйүз
  82. М. Карим «Ай тутулган түндө» — Таңгабийке
  83. К. Иманалиев «Керээз» — Мүйүздүү эне
  84. К. Иманалиев «Акыркы кат» — Нагима Айтматованын улгайган кези

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Каниметова Гүлайым Кызайбаевна — фото 1
Каниметова Гүлайым Кызайбаевна — фото 2
Каниметова Гүлайым Кызайбаевна — фото 3
Каниметова Гүлайым Кызайбаевна — фото 4