Айсалкын Кыйыкбаева
КР эмгек сиңирген артисти
Туулган күнү: 6 июня 1971
Туулган жери: Чүй облусу, Кемин району
Өмүр баяны
Айсалкын Кыйыкбаева - 1989-1992-ж.ж. Кыргыздрама театрынын алдындагы театралдык окуу жайды аяктаган. 1992-1994-ж.ж. Мамлекеттик жаштар театрында актриса болуп иштөө менен эмгек жолун баштайт.
1996-ж. тартып Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын актрисасы.
2005-жылдын июнь айында Казань шаарында өткөргөн түрк тилдүү элдердин «Науруз» театр фестивалынын катышуучусу.
А.Кыйыкбаева театрда иштеген ушунча жылдын ичинде өзүнүн өзгөчө чыгармачылык жүзүн көрсөтүп, башкаларга окшобогон оригиналдуу, ар тараптуу, чыгармачылык диапазону кең актриса экенин далилдеди. Ал жараткан образдар: М.Шаханов, Ч.Айтматов «Сократты эскерүү түнү» спектаклинде – Бакыт, «Алиман апа» –Пери кыз, М.Тойбаев «Өчпөс жылдыз» -Иванова, Ж.Өзүбекова «Толгоо» Мээркүл, Т.Абдумомунов «Машырбек үйлөнөт» -Зулайда ж.б. – театр сүйүүчүлөрүнүн чоң баасына татыды. М.Рыскуловдун 90 жылдык мааракесине арналып коюлган У.Шекспирдин «Король Лир» спектаклинде, королдун кичүү кызы Корделиянын образын эң жогорку чеберчилик менен, таасын чагылдырып берди десек жаңылышпайбыз. Эжелери сымал атасына калп айтпастан, чындыкты сүйлөгөн, а бирок атасын жан дили менен сүйгөн Корделия, нечендеген азаптарды көргөн атасын жан аябастан коргоп, жанында болууга аракеттенет да акыры эжелери тарабынан өлтүрүлөт. Айсалкын бул образга жан-дили менен берилип, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө жеткире ойногон. М.Булгаковдун «Зойканын квартирасы» спектаклинде –Алла Вадимовна, Т.Абдумомунов «Алдар Көсөө» -Эркеайым, М.Абылкасымова, К.Иманалиев «Атаке баатыр» -Кенже, Ж.Б.Мольер «Анткор оорулуу» -Анжелика, Ян Теттер «Дубал» Тилли, Ч.Айтматов «Чынгызхандын ак булуту» - Доуланг, А.Чеховдун «Маараке той» -Татьяна Алексеевна, Т.Абдумомуновдун «Абийир кечирбейт» –Асиса, Гоголдун «Үйлөнүү» -Агафья, “Тумар Ханыша” – Тумар, “Рамаяна” – Кайкейи, “Бейтааныш” – келин, Б. Жакиев “Атанын тагдыры” -Уулжан, дегеле Айсалкын жараткан образдар, кыргыз театр өнөрүндө өзүнчө бир оригиналдуу актрисанын көркөм галереясын түзөт.
А.Кыйыкбаева бүгүнкү күндөгү Кыргыз драма театрында репертуардык жүктү көтөрүп тургандыгы, ар бир ролго мамилеси терең, интеллекти кенен жаштардан экени талашсыз.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү